Кыргызстандын Өкмөтү менен JICA ортосундагы жол-эксплуатациялык техника менен жабдуу долбоору боюнча Гранттык макулдашуу ратификацияланды
КыргызРеспубликасынынПрезидентиАлмазбекАтамбаев «2014-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-эксплуатациялык техника менен жабдуу долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылынын 17-декабрында кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Япония Эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA) Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоого милдеттендирилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Комментарий кошуу