арабия

 Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираты менен Катардагы элчилигине талапкер азырынча карала элек, деди президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 8-декабрда Катар шаарында кыргызстандык ЖМК өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары жана Катарга болгон иш сапарын жыйынтыктап жатып.

А.Атамбаевдин 2-8-декабрь күндөрү болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын элчилигин Бириккен Араб Эмиратында жана Катарда ачуу тууралуу жарыяланды.

«Ачыла турган элчиликтер бюджетте каралган каражаттын чегинде каржыланат, бюджеттен кошумча каражат талап кылынбайт», – деди А.Атамбаев.

«Кайсы бир мамлекетте элчилик ачуу — бул ал өлкөгө болгон сый көрсөтүүнүн белгиси, биз ал өлкөлөр менен алдыда тыгыз иштешебиз», – деген А.Атамбаев, Кыргызстанда буга чейин эле Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираты жана Катардын элчилиги ачылгандыгын кошумчалады.