көмүр

Отун базалар көмүр запастарын топтоду. Бул тууралуу Tazabek’ке «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын техникалык жетекчиси Валерий Бобров билдирди. Анын айтымында, аба-ырайынын жетиштүү жылуулугунан улам, элдер көмүрдү начар ала башташкан. Өлкөдө 1 млн 500 миң тонна көмүр өндүрүү пландалган. Азыр 1 млн 700 миң тонна өндүрүлдү. Анын 550 тоннасы Бишкек ЖЭБне жеткирилди. Калгандары бюджеттик уюмдарга жана жылуулук базаларына таратылды. «Бул жылы электр энергиясы өчүрүлөрү жана кыштын суук болору жөнүндөгү сөздөрдөн улам элдер өз убагында даярданышты», – деди ал. Бобровдун белгилешинче, азыркы учурда Кара-Кече жана Таш-Көмүр кендеринен Бишкек ЖЭБне күнүнө 3-3,5 миң тонна көмүр жеткирилүүдө.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА