авар

Бишкек ШИИБдин Жол-күзөт кызматы Аалы Токомбаев жана Сухе Батор көчөлөрүнүн кечилишинде, НТС телеканалынын эки оператору жабыр тарткан жол-транспорт кырсыгы боюнча иликтөө жүргүзүүнү баштады. Башкармалыктын маалыматы боюнча, кечээ, 15-январда болжол менен саат 12:10 чамасында 41 жаштагы Замирбек «Хонда-Степвагон» автоунаасын батышты көздөй башкарып бара жатып, Сухе Батор көчөсү менен Аалы Токомбаев көчөсүнүн кесилишинен 24 жаштагы Эрланды (НТС каналынын оператору) сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен алган жаракаттарынан улам оператор ооруканага жеткирилген. Андан кийин Бишкек ШИИБдин Жол-күзөт кызматынын ыкчам-иликтөө тобунун материалдары катталып жаткан учурда, 19 жаштагы Мараттын башкаруусундагы «Ниссан-Премьера» автоунаасы мурдарак жол кырсыгына туш болгон «Хонда-Степвагон» унаасын сүзүп, андан ары НТС телеканалынын экинчи оператору 26 жаштагы Манасты сүзүп кеткен. Оператору баш мээси чайкалып ооруканага жеткирилген. Бардык чогулган материалдар Бишкек ШИИБдин Жол-күзөт кызматынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА