Ысык-Көлдүн чөптөрү менен гүлдөрү жыпар жыттанат
Ысык-Көл облусунун Тасма айылындагы “Бугу Эне” жамааты беш жылдан бери чөптөрдөн жана гүлдөрдөн самын чыгарышат. Алар чыгарган продукциянын сапатын улам жакшыртуу үстүндө иштеп келишкендиктен, жакында алардын самыны бардык талаптарга ылайык келгендигин күбөлөндүргөн Ысык-Көл брендине ээ болушту. Бул туурасында элдик кабарчылар Айгерим Кубатбекова жана Чынтурсун Турдуматов “Дем” сайтына жазып жиберишкен. Облустук керектөөчүлөрдүн укугун коргоо кошунунун төрагасы Сулайман Үсөнөвдун билдиришинче, облуста сүрөтчүлөр, дизайнерлер, тазалык боюнча нормаларга көзөмөл кылуучу мамкызматкерлер кирген 20 адамдан турган комитет бар. Алар текшерип, баалап татыктууларга Ысык-Көл брендинин сертификатын ыйгарат. Биз “Бугу Эне” жамаатына сертификат беребиз, себеби алардын продукциясы биздин бардык талаптарга жооп берет,- дейт С.Үсөнов. “Бугу Эненин” кыздарынын колунан чыккан самындын сапаты жакшы жана сырткы көрүнүшү сапаттуу жасалгаланган. Жамаат өкүлү Анаркүл Эсенбаева мындай дейт: “Биз бул брендди алуу үчүн көп эмгектендик. Бүт күч-аракетибизди жумшап иштеп, бардык текшерүүлөрдөн өтүп, “Ысык-Көл” брендин алдык. Биз буга чейин да сапаттуу продукция чыгарганбыз, эми келечекте мындан да жакшы кылабыз”.
Албетте, товарга сертификат алгандан кийин аны сатыкка чыгарууда кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылат. Балким “Бугу Эне” жамаатынын экологиялык жактан таза жана кооз жасалгаланган табигый самындары биздин колго тийип калар күн да алыс эместир.
Бегим ТУРДАЛИЕВА



Комментарий кошуу