виза

“Торугарт” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктун Евразиялык экономикалык биримдигинин талаптарына дал келтирүү үчүн 13 миллион 120 миң доллар жумшалат.

***

Бишкектин бир катар жолдорун реконструкциялоо боюнча Кытай өкмөтү менен түзүлгөн келишим ратификацияланды, анын негизинде жакынкы 3 жылда 200 млн. долларга жолдор оңдолот.

***

Сомдун курсун сактоо үчүн КР Улуттук банкы тарабынан 36,45 миллион доллар интервенцияланды.

***

Мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы жүгүртүлгөн акчалар 20 млрд.  сомду түзөт.

***

Дүйнөлүк валюта фондунун (МВФ) божомолу боюнча Кыргызстандын экономикасынын өсүүсү 2015-жылы 1,7 пайыз болоору айтылууда.

***

Жазгы талаа дыйканчылык жумуштарына 40,5 миң тонна күйүүчү май камдалат.

***

2014-жылдын 9 айында туризм тармагына 4,9 млрд. сом инвестиция салынган.

***

Мамлекеттик комиссиянын тыянагына ылайык “Кумтөр” боюнча канадалыктарга 5 миллиард доллар өлчөмүндө экологиялык доо коюлган.

***

“Росинбанктын” жалпы активи 2015-жылдын 1-январына карата 12,3 млрд. сомду түздү.

***

Малды  идентификациялоонун I-II этаптары үчүн Өкмөт 19 млн. доллар жумшайт.

***

Былтыркы бир жылда доллардын рыноктук курсу 19,6 пайызга көтөрүлдү.

***

2014-жылдын ичинде Бишкекте 210,6 чарчы метр аянтта баасы 5 млрд. 818,7 млн. сомду түзгөн 1352 турак үй пайдаланууга берилди.

***

Теплицалык чарбаны өнүктүрүү үчүн Баткен облусуна 15 млн. доллар бөлүнөт.

***

Үстүбүздөгү жылдын 4-февралынан бери Кыргызстан боюнча күйүүчү майдын баасы 1 сомго арзандады.

Даярдаган Азизбек Чамашев