Президенттик Аппараттын жетекчиси Д.Нарымбаев: Кыргызстандын атка минерлери А.Саляновадан үлгү алса болот

Президенттик Аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев Кыргызстандын атка минерлери башкы прокурор Аида Саляновадан үлгү алса болот, деп эсептейт.
А.Салянова өлкө үчүн, коррупция менен күрөшүү иштеринде чоң салым кошту. Ал өзүнүн иши аркылуу коррупция менен каршы күрөшүү жаатында элдин түшүнүгүн буруп, ишенимин бекемдеди, деди Данияр Нарымбаев АКИpress агенттиги менен болгон маек учурунда.
Албетте, нааразы болгондор да болот, деди Н.Нарымбаев башпрокурордун ишине нааразы болгондор да бар деген суроого жооп берип жатып. «Эгерде, ал өз ишин ушундай улантса, анда пайда гана алып келет. Нааразы болгондор көп болот, эгерде, ал даражага, чинге, ээлеген кызмат орунга карап иштесе. Мен ишенем, аны сактап, колдоо көрсөтүү керек», – деп кошумчалады Д.Нарымбаев.

Комментарий кошуу