ЖК төрагасы А.Жээнбеков пара алууну максат кылган адам эртеби-кечпи, баары бир кармала турган системаны түзүшөрүн эскертти
Ал 12-декабрда Улуттук филармонияда өткөн КР Жогорку сотунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган иш-чарада белгилгендей, сот мекемелеринин имараттарынын жана орун-жайларынын абалын, сот мекемелелерин маалыматтык жана маалыматтык-технологиялык жактан камсыз кылууну жакшыртуу абзел.
«Өкмөт каражат таап, бул көйгөйлөрдү жоюшу керек. Бул маселер чечилет, алар адам менталитетин өзгөртүүгө караганда бир кыйла жеңил», – деди А.Жээнбеков.
Ал ошондой эле, эң негизги маселе катары, сот системасын таза, адилеттүү судьялар менен камсыз кылууну белгилеп, «Биз пара алууну, коррупцияны максат кылган адам эртеби-кечпи, баары бир кармала турган системаны түзөбүз. Ошону билип, андай адамдар өздөрү эле депутаттыка, судьялыкка, жалпы эле мамлекететтик кызматка жолобой, кача турган жаңы системаны куруубуз зарыл. Судьяга бекеринен «Ваша честь» деп кайрылышпайт, биз өз абийирин баарынан жогору койгон судьялардын корпусун түзүүбүз керек», – деди парламент жетекчиси.


Leave a Reply