Өлкөнүн бийик тоолуу аймактарындагы унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт
Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы унаа жолдоруна 25-ноябрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүүсү ыктымал. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кырсык коркунучу Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Каракол-Эңилчек жолдорунда жогору. Күтүлүп жаткан кар көчкү жана кар күрткүсүнө байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгын эскертет.
Булак: super.kg


Комментарий кошуу