ЖК депутаты унааларды алып кирүүгө убактылуу мораторий киргизүүнү сунуштоодо
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина КСДП фракциясынын бүгүн, 21-ноябрдагы отурумунда жарым жыл убакытка оң рулдуу жана сол рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салууну сунуштады.
Учурда унаа жолдордо болуп жаткан тыгындарды белгилеген депутат убактылуу мораторий киргизүүнү сунуштады.
Отурумдун жүрүшүндө И.Карамушкина Кыргызстанга оң рулдуу унааларды киргизүүгө качан уруксат берилгендигин сурады. Ички иштер министринин орун басары Рыскул Жапаркулов билдиргендей, Кыргызстанга оң рулдуу унааларды киргизүү 1990-жылдардын башында башталган.
Анын айтымында, мындай унааларды алып кирүүгө тыюу салуу демилгеси биринчи жолу 2007-жылы болгон, бирок нааразычылыктардан кийин тыюу салынган эмес.
Булак : Баракелде

Комментарий кошуу