Фото – Япониядагы самбо боюнча дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандын курамасы 3 медалга ээ болду
Самбо боюнча Кыргызстандын курама командасы Японияда өткөн дүйнө чемпиондугунда 3 байгеге ээ болду.
Эл аралык самбо федерациясынын маалыматына ылайык, 21-23-ноябрь күндөрү Нарита шаарында өткөн турнирде самбонун спорттук жана күрөш түрү боюнча мырзалар жана кыз-келиндер арасында жалпысынан 27 комплект медаль ойнотулду.
Курамын 14 спортчу түзгөн Кыргызстандын курама командасынын пайдасына самбонун күрөш түрү боюнча 3 коло медаль жазылды.
Байгелерди чемпионаттын биринчи күнүндө 57 кг чейинки салмак даражасында мелдештерге түшкөн Айбек Разыков жана турнирдин жыйынтыктоочу күнүндөгү мелдештердин жыйынтыгы менен Мухаметали Эргешев (52 кг чейин) менен Жаныбек Аматов (90 кг чейин) алып келди.
Айбек Разыков – 52 кг чейин
Мухаметали Эргешев – 57 кг чейин
Жаныбек Аматов 90 кг чейин

Комментарий кошуу