Бул жылдагы энергетикалык кризис биз үчүн абдан жакшы сабак болду, – өкмөт башчы Ж.Оторбаев

Бул жылдагы энергетикалык кризис биз үчүн абдан жакшы сабак болду, кабыл алгандыгыңыздарга рахмат, Кудай буйруса кийинки жылы энергетикада кенен реформа жүргүзүү керек, деди бүгүн, 11-декабрда «КРнын 2013-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралуу» мыйзамдын долбоору каралган парламенттин отурумунда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев.
Өлкө каатчылыктан каатчылыкка өтүп жатат бул жыл оор болду, деди ал.
«Кудай буйруса жыл аягына чейин өлкөнүн ИДПсы 4%га чейин өсөт. Кийинки жылга амбициялуу план киргизип жатабыз. Өзгөрүүлөрдү сиздер бекитесиздер. Жалпысынан бул энергетика менен байланыштуу», – деди Ж.Оторбаев.
Булак : Баракелде

Комментарий кошуу