дастан
 Талас облусуна картошка чипсилерин чыгаруучу завод куруу үчүн 2012-жылы республикалык бюджеттен 40 млн сом бөлүнгөн. Бирок, бүгүнкү күндө иштеген завод да жок, ага бөлүнгөн каражат да жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков («Ата Журт») парламенттин 11-декабрдагы отурумунда айтып чыкты.

«2013-2014-жылдын бюджетин карадык. Бюджеттин аткарылышында көптөгөн кемчиликтер болду. Бюджетти эффективдүү пайдаланууга өтүү керек. Мисалы, 2012-жылы картошка чипси өндүрө турган завод ачылат деп, Индиядан жабдуулар келип, биздин бюджеттен 40 млн сом бөлүнгөн. Бирок, бүгүн завод жок, же каражат жок», – деди эл өкүлү.

Ал каражатты эффективдүү пайдаланып, мектеп курсак болмок, деп кошумчалады депутат.

«Андай кемчиликтерди кетиргендерге жаза берүү керек. Антпесе кийинки жылы да кайталана берет. Бажы кызматы менен Салык кызматы бул каражатты күн-түн чогултуп жатса, аны аткарууда ушундай каталар кетип жатышы туура эмес.

Сунун тартыштыгы, электр кубатынын кымбатташы — мунун барына эл күнөөлүү эмес, атка минерлер күнөөлүү. Бирок, алар жаза алган жок», – деп кошумчалады Д.Жумабеков.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевге кайрылган эл өкүлү: «Сиз премьер-министр болуп турганда бул маселелерге жооп бересиз деп ойлом. Көзөмөл болгондо гана биздин бюджет так иштейт», – деп кошумчалады.