Саясий элита жаштар менен толукталууда
Кадр саясаты көп убакыттан бери эле аксап келе жаткандай көрүнөт. Ар бир бийлик алмашканда өз кадрларын көтөрүп чыгат. Кадр саясатында ийгиликке жеткендери же ишенип берилген иштин тизгини туура эмес тарапка бурулганын да эл баштан кечирген.…
КР Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айлында жайгашкан кыргыз акыны Алыкул Осмоновдун мемориалдык үй-музейинде болду
КР Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айлында жайгашкан кыргыз акыны Алыкул Осмоновдун мемориалдык үй-музейинде болуп, андагы жасалып жана пландаштырылып жаткан иштер менен кеңири таанышты. Ошону менен бирге акындын 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгына…
2016-жылы КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жана ТТМК мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйындарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
2015-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйындарына өз учурунда даярдык көрүүнү жана 2016-жылы…
Мезгилдүү басылмаларга берилүүчү жарнак ошол басылма чыгарылган тилде жайылтылышына мүмкүнчүлүк берилүүдө
“Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 12-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Текебаев. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Ө.Текебаевдин айтымында,…
Ош шаарынын 2015-жылга карата бюджети кабыл алынды
Кечээ, Ош шаардык кеңешинин кезексиз 25-жыйыны болду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаттары, вице-мэрлер, коомдук жараандын өкүлдөрү катышты. Сессиянын күн тартиби боюнча негизинен Ош шаарынын бюджетин 2015-жылга карата бекитүү, 2016-2017-жылдарга карата болжолун,…
Жогорку Кеңеш депутаттары онкологиялык оорулуулар менен Онкологиялык борбордогу оор кырдаалды талкуулашты
12-февралда Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева баштаган бир катар депутаттар Онкологиялык борбордо дарыланган онкологиялык оорулуулар менен жолугушту. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Эркингүл Иманкожоева, Элвира Жумалиева, Майрамгүл Тиленчиева, Наталья Никитенко жана Социалдык саясат боюнча…
Төөбуурчак өстүрүү боюнча Кыргызстан адистерин Түркиянын Айыл чарба министрлиги окутуп берүүгө даяр
Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков баштаган бир катар өкүлдөр Түркияга барып, Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү менен жолугуп, анда төө буурчак өстүрүү боюнча 15-20 жаранды окутуп берүүгө макулдук беришкен. Ошону менен катар министрликтин алдындагы “Терекс”…
Депутат Ч.Султанбекова Өкмөттү ЖОЖдорду оптималдаштырууда Баткен аймагындагы ЖОЖдорго кылдат мамиле жасоого чакырды
Баткен облусундагы жогорку окуу жайлардын, институттардын окутуучуларынын, студенттеринин жана алардын ата-энелеринин кайрылуулары менен депутат Чолпон Султанбекова 12-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында тааныштырды. Баткендиктер балдарын борборго алып келүүгө шарты жок экендиктерин, аймактык ЖОЖдордун билим…
Майып балдарын караган ата-энелерге бериле турган каражатты айлык катары чегерип, алардын пенсиясына кам көрүү максатка ылайыктуу
Мындай маселе 12-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Надира Нарматова тарабынан көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Депутаттын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө республика боюнча 4250гө жакын үй-бүлөдө майып балдарын ата-энелери…
Депутат Б.Шаршеев курулушу жүрүп жаткан ири автожол долбоорлоруна кабелдик канализацияларды камтууну сунуштады
Мындай сунушу менен депутат Бакыт Шаршеев 12-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында чыкты. Депутат Бишкек-Торугарт, Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулуштарына токтолуп, “эки иштен – бир иш кылып”, аларга кабелдик канализацияларды кошуп кетүү менен шаарлар аралык…
Атайын максаттагы күчтөрдү даярдоочу чоң борбор курулат
Чечен Республикасы атайын максаттагы күчтөрдү даярдоочу негизги дүйнөлүк борборлордун биринен болуп калаарын Чечнянын башчысы Рамзан Кадыров билдирди. Анын айтымында, Гудерместин чет жагында эң талаптуу эл аралык стандарттарга толук жооп берүүчү атайын окуу комплекси Россияда биринчи…
Балдардын төрөлүшү боюнча рекорд коюлду
2014-жылы Россияда балдардын төрөлүшү боюнча рекорд коюлду, б.а. 1 миллион 947 миң ымыркай көз жарды. А бул 2013-жылга караганда 17,6 миңге көп дегендикти билдирет жана өлкөнүн буга чейинки тарыхында мындай сандагы баланын төрөлүшү дегеле каттала…
