Султанбекова

Баткен облусундагы жогорку окуу жайлардын, институттардын окутуучуларынын, студенттеринин жана алардын ата-энелеринин кайрылуулары менен депутат Чолпон Султанбекова 12-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында тааныштырды.

Баткендиктер балдарын борборго алып келүүгө шарты жок экендиктерин, аймактык ЖОЖдордун билим берүүдөгү баардык талаптарга жооп берерин белгилешкен. “Андыктан, ЖОЖдорду оптималдаштырууда КР Өкмөтү менен Билим берүү, илим министрлиги Баткен аймагындагы ЖОЖдорго кылдат мамиле жасоо менен кайра карап чыгуу керек”,- дейт Ч.Султанбекова.

Депутат Айнуру Алтыбаева Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде ректор канча убактыттан бери шайланбай, создугуп кеткенин, мындай көрүнүш бир катар ооруканалар менен поликлиникаларда дагы кездешип жатканын айтып, кадр саясатын сынга алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.