Баткен шаарында калктын саны өсүүдө

   Баткен шаарынын жылдык бюджети акыркы 3 жылда 20 млн. сомго өскөн. 2015-жылдын бюджетин 65 млн. менен бекиткен мэр Жаныбек Жалаловдун айтуусунда киреше булактары негизинен жер салыгынан, ижара акылардан жана кичи ишканалардан түшөт. Ошого удаа…
Толугу менен »

Кулундуда кызамык менен ооругандардын саны көбөйүүдө

Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагында кызамык менен ооругандардын саны 39 га жетти. Бул тууралуу аталган аймактын ооруканасынын башкы директору Айжамал Элчиева билдирди. Анын айтымында, алардын көпчүлүгү Бишкек шаарынан келген студенттерден жуктурушкан. Учурда кызамыктын алдын алуу,…
Толугу менен »

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Разаков:«Облустун 15 жылдыгы жогорку деңгээлде өтөт»

Өткөн аптада КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Разаков облустун 15 жылдыгы боюнча жыйын өткөрдү. Үстүбүздөгү жылдын апрель айынын орто ченине белгиленген бул салтанат  республикалык деңгээлде өтөөрүн жана ага карата медаль, герб, облустун гимнинин…
Толугу менен »

Кызылча оорусу жайылууда

Өлкөдө жайылып жаткан кызылча илдетинин жайылып жатышына ички-тышкы миграция жана диний көз караштан улам балдарын эмдетпегендер себеп болууда. Бул туурасында республикалык Иммунопрофилактика борборунун директору Жолдош Калилов  билдирди. Анын айтымында, балдарын эмдетүүнү каалабаган үй-бүлөлөрдүн саны өлкө…
Толугу менен »

“Курманжан датка” фильми уурдалды

“Курманжан датка” фильми каракчылык менен уурдалгандыгы, алтургай Интернетке  чыгып кеткендиги дайын болду. Кино эксперт Гүлбара Төлөмүшованын айтымында, бул фильм прокатка чыга баштагандан тартып эле аны каракчылык менен уурдоо аракети болгон. Киночулар укук коргоо кызматкерлери менен…
Толугу менен »

Шашылыш билдирүү

2015-жылдын  24-январынан  27-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда,  Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Бишкек-Талас унаа жолунун 198-210-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу), Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя…
Толугу менен »

Лейлек чек ара аскерлигинин башчылары кызматтан алынды

 Лейлек районунун “Айкөл” чек ара тозотундагы окуяга байланыштуу райондук чек ара отрядынын начальниги жана анын орун басары кызматтан алынды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты. 16-январда түнкү саат 11лер чамасында аталган чек ара тозотунда болгон…
Толугу менен »

Өспүрүмдүн өлүмү үчүн окуучулар суралууда

Чаткал районунда 21-январдын түнүндө каза болгон 10-класстын окуучусунун өлүмү талаш маселе жаратты. Атасы уулунун өлүмүнө башка окуучуларды айыптоодо. Жалал-Абад облусунун аймагында 469 мектеп бар.  16 жаштагы Адылбек Ашырбек уулу 21-январь күнү кечинде ооруканага жетпей каза болгон.…
Толугу менен »

Депутат К.Самаков туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды

 Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков «Туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» диплому менен сыйланып, аны менен кошо «Мыкты өнөктөш» номинациясы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Бул сыйлык көптөгөн туристтик ишканалар менен…
Толугу менен »

Кыргызстандык А.Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык турнирде күмүш медалга ээ болду

 Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык турнирде Иван Ярыгиндин Гран-приси сериясында күмүш медалга ээ болду. Орусиянын Спорттук күрөш федерациясынын расмий сайтында маалым болгондой, А.Тыныбекова 58 кг салмактык категориясында чыкты. Алтын медалга болгон…
Толугу менен »

Кочкордун Эпкин айылындагы маданият үйүн оңдоо иштери боюнча козголгон кылмыш ишине райондун акими Н.Жусупбековдун тиешеси бар, – УКМК

Нарын облусундагы Кочкор районуна караштуу Эпкин айылындагы маданият үйүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу чыр маселеге ошол убактагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы, азыркы учурда райондун акими Нурбек Жусупбековдун тиешеси бар. Мындай маалыматты бүгүн, 26-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик…
Толугу менен »

Улуттук банк 23-январда 4 млн 400 млн доллар өлчөмүндөгү валюталык интервенция жүргүздү

 Кыргызстандын Улуттук банкы 23-январда 4 млн 400 млн доллар өлчөмүндөгү валюталык интервенция жүргүздү. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалды. Улуттук банк жыл башынан бери 60 млн 470 миң долларга 4 интервенция ишке ашырган. 13-январда Улуттук…
Толугу менен »