КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Разаков:«Облустун 15 жылдыгы жогорку деңгээлде өтөт»
Өткөн аптада КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Разаков облустун 15 жылдыгы боюнча жыйын өткөрдү. Үстүбүздөгү жылдын апрель айынын орто ченине белгиленген бул салтанат республикалык деңгээлде өтөөрүн жана ага карата медаль, герб, облустун гимнинин даяр болгондугун айтты. Бирок мындан тышкары башкы даярдыктарга даярдануу керек деди.
15 жылдыкка карата борбордук стадиондо театрлаштырылган көрсөтүү жогорку деңгээлде өтүүсү үчүн сценаристтерге конкурс жарыялоонун зарылдыгын айтты. Өкүл облустун 15 жылдыгын мурдагы салтанаттардан айырмаланып, шаңдуу жана жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн өз сунушун да айтты. Бул жолу айыл чарба көргөзмөлөрүн эмес, сүрөт көргөзмөлөрүн уюштуруу, ал сүрөт көргөзмөдө Баткендин облус болуп түзүлгөндөн ушул күнгө чейинкисин чагылдырса жакшы болот деди.
Жыйындын соңунда шаардык мэрияга жана тийиштүү мекемелерге 15 жылдыкты уюшкандыкта өткөрүү боюнча тапшырмаларды берип, ар жуманын шейшемби күндөрү аткарылган иштер боюнча штаб өткөрүлөт деди.
Адыл АКМАТОВ, Баткен облусу


Комментарий кошуу