гүлбара1

“Курманжан датка” фильми каракчылык менен уурдалгандыгы, алтургай Интернетке  чыгып кеткендиги дайын болду. Кино эксперт Гүлбара Төлөмүшованын айтымында, бул фильм прокатка чыга баштагандан тартып эле аны каракчылык менен уурдоо аракети болгон. Киночулар укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте чара көрүшкөн. “2014-жылдын ноябрь айынын башында фильмдин уурдалган көчүрмөсүн сатуу аракети болуп жаткандыгы тууралуу  кабар келген. Биз Финполго кайрылып, алар менен биргеликте Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда фильмдин каракчылык көчүрмөсүн сатуу аракетине жолтоо болгонбуз” – дейт Г.Төлөмүшова.  Ал mts.kg сайтына фильмдин уурулук жол менен чыгып кеткендигине да токтолуп, бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылышкандыгын, мындай фактыларга алар тарабынан катуу чара көрүлөрүнө ишенээрин билдирди.

Даярдаган  Айнура ШАЙКЕЕВА