КР эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов: “Памирлик кыргыздар ата конушун ыйык көрүшөт”
Жакында өкмөттүк экспедиция памирлик кыргыздардан кабар алып кайтты. Атайын топту жетектеген эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов алардын ал-ахыбалы менен жакындан таанышып келди. Шарты катаал жерде оор турмушту башынан кечирип жаткан боордошторубуз тууралуу калтырган таасирлери жөнүндө ой бөлүшүүсүн өтүнүп, министр мырзаны кепке тарттык:
– Алиясбек Төлбашиевич, билишибизге караганда, Ооган жериндеги боордошторубуздун жашоо-шарты адам чыдагыс. Кыргыздын жакшы салтын улап, бир туугандарыбыздын ал-жайын сурап, жакшы жөрөлгөнү жасап келипсиздер.
– Туура айтасыз. Бул – эң биринчиден өлкө башчыбыздын, Өкмөттүн жана жалпы кыргыз элинин аларга болгон камкордугу. Бир тууган катары памирлик боордошторубуз жалгыз эместигин билдирип, аларга моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүп келдик. Алар өтө оор климаттык шартта, деңиз деңгээлинен 4000 м бийик жерде жашашат. Абадагы кычкылтектин саны 60%ды түзөт экен. Муздак шамал уруп, абанын температурасы -30-35 градус төмөн. Ушундай суукта боз үйдө жашап, байкашыма караганда, өздөрү да жеңил кийинип жүрүшөт. Ошол себептен, оорунун түрлөрү абдан көп. “Кайсы жериң ооруса, жаның ошол жерде” дегендей, оорунун жакшысы жок, бирок, башка дарттарга салыштырмалуу жеңил деп эсептелинген аппендицит менен ооруп калыша турган болсо да, аларга чоң көйгөй жана коркунуч жаралат. Себеби, ал жакта дарыгерлер такыр жок. Аларсыз жашоону элестетүү кыйын эмеспи.
– Аларды абдан сабатсыз дешет…
– Ооба, алар окуганды, жазганды такыр билишпейт. Керектүү документтер турсун, паспорт эмне экендигин билгендер арасында аз экен. Врачтар сыяктуу эле мугалимдер да жок. Ооган бийлиги салып берген мектеп жылына 2-3 ай гана иштебесе, калган убакта күндүн суугунан жабылып калат. Окуп билим алууга өздөрүндө шарт жок. Кыргызстанга 20дай баланы алып келип, жатаканасы менен тамагын бекер кылып, окуталы десек да, алар тарапта кызыгуу болгон жок. Ушунчалык турмуштун агымынан артта калышыптыр, бул жакка келгенде балдар эл көрүп, жер көрүп, машине көрүп, кайра келбей коюшу мүмкүн деп чочулашат.
– Аларды ал жакта анчалык эмне кармап турат? Эгерде каалашса, бул жакка алып келүүгө мүмкүнбү?
– Памирлик кыргыздар негизинен, байыркы ата-бабалардын салты менен жашашат. Ал жерди ата конушу деп эсептешет. Канча кылымдардан бери жашап, киндик кан тамган жерди таштап кетүү алар үчүн абдан эле оор. Хан менен Аксакалдар кеңеши башкарат. Кыргызга тиешелүү салттардын бардыгы ошол бойдон сакталган. Кыргыз тилинде абдан таза сүйлөшөт. Кыйналса кыйналсын, бирок илгертен келе жаткан салт, алар үчүн баарынан бийик жана баарынан ыйык. Ошол себептен улам, кезинде Ооганстанды 42 жыл башкарган Закир Шах: “Кыргыздар – Памирдин арстандары”,- деп бекеринен айтпаган чыгар. Ата конушун ыйык көргөн боордошторубуздун бул жакка келейин деген каалоосу жок. Өтө жакыр, колунда жоктору гана келүүгө бир аз көңүлдөнбөсө, оокаттууларынын башка жерге кетүү түшүнө да кирбейт.
– Эмне жумуш менен турмуш-тиричилигин өткөрүшөт экен?
– Алар көчмөн эл болгондуктан, негизинен мал чарбачылыгы менен күн көрүшөт. Уй, жылкы, топоз, төө, кой багып, алардан өндүрүлгөн продукцияны Пакистан, Ооганстанга алып барып, өздөрүнө керектүү буюмдарга алмаштырып алышат.
– Памирлик кыргыздардын арасында эмне себептен аялдардын саны аз?
– Сабатсыз, билимсиз болгондуктан, аялдардын үнү да угулбайт. Канчага чыкканын эмес, качан туулганын да билишпейт. 30 жаштагы айымдары кадыресе, улгайып калган аялдардай көрүнөт. Баарынан дагы, жанымды кейиткени, 10-11 жаштан баштап эле кыздарын турмушка бере башташат экен. Кыздардын ден соолугу ага туруштук бере албай, көпчүлүгү төрөт мезгилинде көз жумат. Туугандар бири-бирине үйлөнө бергендиктен, алардан акыл-эси жетишпеген балдар төрөлүп, көпчүлүгү бир жыл өтпөй чарчап калышат. Биздин топ менен барган дарыгерлер аларга медициналык изилдөөлөрүн жүргүзүштү. Алардын айтымында, негизинен жалпы элдин арасында өпкө, жүрөк кан тамыр, кулак-мурун, муун оорулары көп кездешет.
Бактыгүл КУЛАТАЕВА


Комментарий кошуу