комур

Кыргызстан көмүр кендерине бай. Талас жана Чүйдөн башка дээрлик бардык облустар жеринде казылып, өндүрүлгөн көмүр продукциясы менен жергиликтүү калкты толук кандуу камсыздап келет. Учурда көмүр тартыштыгы жок экенин адистер белгилешет. Бирок, кылычын алып, кыш келгенде гана кыш камылгасын көрө баштаган калк көмүрдү жогору баада сатып алууга аргасыз болуп, көпчүлүгү ага да макул боло башташкан. Суроо-талап жогору болгондо, айрыкча ортомчулардын күнү туулат эмеспи. Эске салсак, октябрь айында Баткен облусунда кара алтындын жериндеги баасы тоннасына 12 миң сомду чапчып, жүрөктүн үшүн алган эле. Бирок, баанын мындай жогорулоосу мыйзамсыз экенинен, Өкмөткө караштуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин ыкчам аракети менен баа ылдыйлатылды. Ушундай эле көрүнүш Нарын жана Ысык-Көл облустарында да учкай байкалган. Негизи, көмүрдүн шахтада казылып алынган баасы анчалык деле кымбат эместигин, транспорттук каражаттарды, соода үстөгүн кошкондо да сортуна жараша 2000-5000 сомдун тегерегинде болоорун монополияга каршы иш алып баргандар белгилешет.

Өлкө калкынын кыштан аман-эсен чыгуусу Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин жеке көзөмөлүндө. Андыктан, апта сайын селектордук жыйындарды өткөрүп, аймактардагы абал боюнча да кылдат иштерди алып барууда. Жакында эле Өкмөт башчы көмүр баасына мамлекеттик жөнгө салуу механизмин киргизген атайын токтом кабыл алды. Анын алкагында, Монополияга каршы мамлекеттик агенттик жер-жерлерде иш алып барып, көмүр баасынын кымбаттоосуна жол бербөө иштерин жүргүзүшүүдө. Бул боюнча агенттиктин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаковду сөзгө тарттык.

– Кеңешбай Доскулович, кыштын алгачкы айында жашап жатабыз. Кыштан кыйналбай чыгуу үчүн көмүр жетиштүү дегенибиз менен баалар өйдө-ылдый болуп жатканы байкалууда. Бул боюнча сиздердин агенттик кандай иштерди алып барууда?

– Ооба, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кара алтын казылып алынат. Демек, калкыбызга көмүр жетишээрлик көлөмдө деп айтсак болот. Бирок, көмүрдүн сортуна жана казылып алынган ыкмасына жараша баалары ар кандай. Айтсак, шахталык ыкма менен казылган көмүр кымбат, ачык жерде казылгандары арзаныраак. Ал эми казылып алынган көмүр жеринде сатылышына жана ташылып келип, башка жерлерде сатылышына жараша да баалары ар кандай болот. Анткени, мында транспорттук каражаттар, таарага кеткен чыгымдар эске алынат. Эми ошол көмүр товарын жеринен дүң алып, дүңүнөн жана чекене сатуу үчүн лицензияга ээ болгон компаниялар бар. Азыркы тапта иштеп жаткандары 100гө жакын. Облустар боюнча айтсам, Баткен облусунда лицензия алган компаниялардын саны 86, Ошто 65, Жалал-Абадда 39, Ысык-Көлдө 24, Нарында экөө. Жалпысынан 10 компания гана монополист деп табылды. Демек, бүгүнкү күндө республика боюнча рынок шартында монополияга ээ болгон 10 компания бар. Бул монополист компанияларга биздин агенттиктин аймактык бөлүмдөрү тарабынан 2014-2015-жылытуу сезонунда көмүрдүн баасын дүңүнөн жана чекене сатуу боюнча бааларын бекитти. Иш-чара жакында эле жыйынтыкталды. Бекитилген баалар боюнча көмүрдү дүң жана чекене сата турган компаниялар: Нарын облусунда төртөө, Баткенде бешөө жана Ош облусунда бирөө. Алар: (Нарын) “Шарбон”, “АКГ Тоо Инвест”, Пандж-Шер” ЖЧКлары жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик мекемеси, (Баткен) “Сүлүктүшахтакурулуш” ААК, “Ак-Булак көмүр”, “Т.Ибрагимова”, “Кызыл-Булак” ЖЧКлары жана “Сүлүктүкөмүр” ишканасы, ошондой эле Ош облусу боюнча “Перити-Коал” ЖЧКсы. Мына ушул аты аталган компаниялар көмүрдү биз белгилеген баадан ылдый сатса болот, бирок жогору сата алышпайт.

– Ошондо, сиздердин агенттик тарабынан бекитилген баалар боюнча аймактарда көмүрдүн тоннасы канчадан сатылып жатат?

– Көмүрдү ири, орточо жана майда деп үчкө бөлө турган болсок, Ош облусу боюнча көмүрдүн маркаларына жараша ири көмүрлөргө шахтадан чыккан баасы 2000-4500 сом, орточосу – 1000-3200 сом, майдасы – 500-1000 сом деп белгиленди. Баткенде, ошол эле Сүлүктүдө көбүнчө шахталык ыкма аркылуу казылат. Бул өтө опурталдуу болгондуктан, бааны белгилөөдө ал жагы да эске алынды. Ошол себептен бул аймакта көмүрдүн ири сорту – 2500-6400, 6850 сомго чейин, орточосу – 1500-3800 сомго, майдасы – 777-2000 сомго чейин деп белгиленди. Белгилеп кетүүчү нерсе, Сүлүктү көмүрү сапаты жагынан мыкты. Ири болгондуктан, көбүнчө кафе-ресторандарга алынат. Жалал-Абадда 1000-3820 сомго чейин, ал эми Нарында ачык жерден казылып алынгандыктан, ал жакта 2000-3300 сомдон, Ысык-Көлдө маркасына жараша 2638-3700 сомго чейин сатылууда. Талас, Чүй облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында көмүр казуучу мекеме-ишканалар дээрлик жок. Бул аймактарга көмүр көбүнчө Казакстандан алынып келинет. Ошондуктан, буларга өндүрүштүк баа аныкталбады. Бирок, аталган аймактарда экинчи рыноктогу чекене сатуунун чектик деңгээли белгиленди. Көмүр чыгарган шахтадагы баа, транспорттук чыгымдар, сактоого, таарага кеткен чыгымдар эске алынып, соода үстөгүн кошуу менен бирге 10%дык деңгээлде пайда көрүүсү чектелди. Ал эми чекене сатууда болгону 5%дык пайда көрө алышат.

Жогорудагы чектелген баалар облустардагы ар бир райондор боюнча жүргүзүлдү. Анткени, айрым райондордун аралыктары алыс болгондуктан, транспорттук каражаттар ар кандай суммада болот. Антпесек, жеке ишкерлер тарабынан нааразылыктар туулушу ыктымал.

– Белгиленген баадан ашпай сатылышын кантип көзөмөлдөйсүздөр?

– Ар бир облуста аймактык түзүмдөрүбүз бар. Алар аркылуу көмүрдүн баасы канча болуп жаткандыгын иликтеп, тактап, айтор, мониторинг аркылуу анализ жүргүзүп турабыз. Негизи, социалдык товарларга баа 20%дан жогору өсүп кетсе, атаандаштык мыйзамынын 9-беренесине ылайык, мамлекеттик жөнгө салуу механизми кирет. Эсиңиздерде болсо, октябрь айында Баткенде, Жалал-Абадда, Ысык-Көлдө кара алтынга болгон баанын кескин өсүп кетүүсү байкалган. Ошол себептен, 4-ноябрда Өкмөттүн көмүр баасын мамлекеттик жөнгө салуу механизми боюнча №628 токтому кабыл алынды. Бул “Эркин Тоо” гезитине жарыяланган соң, 11-ноябрдан тарта күчүнө кирди. Токтом чыккандан кийин биз да иш-пландарыбызды буйрук аркылуу бекиткенбиз. Анда эч кандай монополиялык деңгээлине, менчик, менчик эместигине карабай, бардык көмүр менен иштеп жаткан компанияларга жогорудагыдай баштапкы баа бекитилип берилди.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, көмүр бааларын чектөө боюнча биздин чечимибизди көзөмөлдөө жагы жергиликтүү бийликке, каржы полициясына (экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү органына), салык кызматына жана монополияга каршы агенттикке жүктөлгөн. Бир гана биздин аракетибиз менен иш алып баруу болбойт, комплекстүү иш жүрүшү керек. Ушул төрт орган бирдей көзөмөлдөөсү менен жер-жерлерде азыркыдай иштер аткарылып жатат. Албетте, рынок шартында ар кандай кырдаалдар түзүлөт. Айрымдар бааны көтөрүп сатып, көбүрөөк пайда көргүсү келет. Алар үчүн да иретке келтирилген чаралар көрүлгөн. Бул боюнча ар бир аймактарда түзүлгөн мобилдик топтор иш алып барат.

– Казакстандан алынып келген көмүр бааларына мамлекеттик механизмдер каралбагандыгын айтып жатасыз. Казакстандан алынып келген көмүр канчадан сатылууда?

– “Караганда”, “Шабыркүл” жана “Кара-Жыра” Казакстандыкы. Маймак аркылуу келет. Буларга мамлекеттик механизм кирген жок. Баалары: “Шабыркүлдүкү” – 3900 сомдон, “Кара-Жыраныкы” – 3700, ал эми “Караганданыкы” – 3500 сомдон ашпасын деп аныкталды. Экинчи соода-сатык түйүндөрүндө элге 4600-4900 сомго чейин сатылууда.

– Бишкекте канча көмүр кампалары бар, аларда баалар кандай?

– Бишкек шаарында негизинен “Эребус”, “Прогресс Компания” жана “Рассвет Компани”, “Бока” ЖЧКларынын жана “Кыргызкөмүрдүн” кампалары бар. Андан сырткары, көптөгөн майда түйүндөр да көмүр сатуу менен алектенишет. Бардык кампаларда тең баа 3500-3600 сомдон сатылсын деп чек коюлган. Ал эми жеке ишкерлер көмүрдү 4000 сомдон жогору сатпоого тийиш.

– Бааны өз алдынча көтөргөндөргө карата кандай чара көрүлөт?

– Административдик чаралар каралган. Эгерде, компаниялар монополиялык органдын койгон баасынан ашык саткан учурда 10 миңден 50 миң сомго чейин айып пул салынат. Ал эми жеке ишкерлер бааны көтөрсө, алар да белгиленген суммада айыппул төлөшөт.

Бир жагдайды эске алышыбыз керек. Эгерде, көмүрдүн көлөмү жетишсиз болсо, канчалык бааны чектебейли, баары бир жогорулайт. Таласта ушундай учур катталган. Азыр калыпка салынып калды. Жаңы механизм киргенден тартып, жыйынтык болуп жатканын да белгилеп кетүү абзел. Ошого карабай, эл арасында көмүр кымбат сатылып жатат деген нааразылыктар да жок эмес. Биздин негизги милдетибиз – негизсиз баалардын көтөрүлүшүнө жол бербөө, керектөөчүлөрдү жетиштүү деңгээлдеги баада көмүр азыктары менен камсыз кылып берүү жана ортомчу болуп, пайда алып жаткандарды кыскартуу. Ушул үч максатта гана иш алып барсак, быйыл көмүр баасы кымбаттабай, эл арасында эч нааразычылык жаратпастан кыштан чыга алабыз деп ишенем.

Динар ТУРДУГУЛОВА