фонд

Кочкор-Ата шаарында 1-декабрь майыптар күнүнө карата бир топ иш-чаралар аткарылып жатат.

Мектеп окучулары тарабынан концерттик программалар даярдалып, жагымдуу маанай тартуулашты.Ошондой эле ар бир майыпка 300 сом өлчөмүндө акчалай көмөк көрсөтүүүчүн шаардык мэрия тараптан 94 000 сом каражат бөлүнгөн. Андан сырткары, шаар аймагындагы мекеме-ишканалар жана жеке ишкерлер тарабынан материалдык колдоолор болууда. Ал эми мектеп окуучулары жана студенттер арасында “Биз СПИДке жана баңги заттарга каршыбыз” аттуу сынак өткөрүлүп, №15 орто мектебинин окуучулары жеңүүчү болуп 2000 сом, экинчи орунга №14 орто мектептин окуучулары татыктуу болушуп  1500 сом, ал эми  №28 орто мектептин окуучулары байгелүүүчүнчү орунду багынтышты.

Айзада ДҮЙШӨНБАЕВА