Евразия өкүлдөрү

Бүгүн, 2014-жылдын 28-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев Евразия экономикалык комиссиясынын бажы боюнча кызматташуу коллегиясынын мүчөсү (министр) Владимир Гошин баш болгон Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Евразия экономикалык союзуна кошулуусу боюнча «жол картасын» ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Тактап айтканда, Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү бажы пункттарын жакшыртуу жана модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле өлкөнүн мамлекеттик органдарынын Евразия экономикалык комиссиясы менен Кыргызстандын интеграция процесстерине катышууга даярдык көрүү боюнча өз ара аракеттенишүүсү туурасында маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан интеграциялык бирикмелерге натыйжалуу катышышы үчүн «жол картасынын» бардык иш чараларын өз мөөнөтүндө аткаруунун маанисин баса белгиледи. Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына Евразия экономикалык комиссиясы менен бирдикте өлкөнүн бажы инфраструктурасын жакшыртууну өркүндөтүү боюнча сапаттуу иш жүргүзүү милдетин тапшырды.