Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бишкектеги турак жай курулушунда болгон кырсыктын себептерин тыкыр иликтөөнү тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырды.

Курулуштагы өлүмдү иликтөө иштерине 15 күн мөөнөт берилди.

Курулуштагы өлүмдү иликтөө иштерине 15 күн мөөнөт берилди.

 Москва көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 8-кабаттан кулап каза болгон 16 жаштагы өспүрүмдүн өлүмү боюнча Экология жана техникалык мамлекеттик инспекциянын буйругу менен комиссия түзүлдү. Алар 25-ноябрда окуя болгон объектти текшерүү учурунда атайын эреже бузулганын аныктап, курулушту токтотушту.

Аталган мыйзам бузуулар 1-декабрга чейин четтетилсе, анда ишти улантууга уруксат берилет. Жалпы иликтөө иштерине 15 күн мөөнөт берилди. Өкмөттүн маалымат катчысы Мелис Эржигитовиликтөө иштерин премьер-министр өзү көзөмөлгө алганын билдирди:

 Премьер-министр Курулуш агенттигине, Экологиялык жана техникалык инспекцияга 15-декабрга чейин ишти тыкыр иликтеп, бир жыйынтыкка келүүсүн тапшырды.

Бишкекте акыркы жылдары курулуш жанданганы менен коопсуздук сакталбай келет.Бишкекте акыркы жылдары курулуш жанданганы менен коопсуздук сакталбай келет.

​Курулушту жүргүзүп жаткан “ЭкспоСтрой” компаниясынын аткаруучу директору Жекшен Жанбоев 24-ноябрда каза болгон 16 жаштагы Жаныш Мамбетакун уулу аларда иштебегенин, ал ошол жердеги бригадирдин кайниси болгондуктан, аны ээрчип келип кырсыкка учураганын ырастоодо.

– Биз ар бир келген киши менен эмгек келишимин түзүп, документтин негизинде жумушка алабыз. Иштей турган кишиге жумуштун жол-жобосун үйрөтүп туруп, анан алабыз. Эми азыр тергөөнүн жыйынтыгы чыкканча прорабды жумуштан четтетип, ордуна башка кишини алдык, кароолчуну жумуштан бошоттук, тиги баланы ээрчитип келген бригадир жездесине сөгүш бердик.

Көптөн бери эле иштеп жүргөн дешет…

Бул окуя боюнча азыр Ленин райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоду. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Олжобай Казыбаевдин айтымында, каза болгон баланын атайын курулуш кийимин жана кол кабын кийип жүргөндүгү анын мурда эле бул жерде иштеп жүргөнүн далилдеши мүмкүн.

 18 жашка чейинки өспүрүмдү жумушка алуу Эмгек кодексине каршы келет. Ошондуктан аны жаап-жашырып, иштетип жүргөн болушу мүмкүн. Биздин тергөөчүлөр барганда каза тапкан бала атайын курулуш кийимчен болчу, колунда курулуш кол кабы болгон. Эмибаланын ошол жерде иштеп эле жүргөнү көрүнүп турат.

Бишкек шаары.Бишкек шаары.

Бишкекте бир катар имараттарда куруучу болуп иштеген Илгис аттуу жигит азыр курулуш тармагында коопсуздук маселесине жакшы көңүл бурулбай калганын белгилейт. Анын айтымында, азыр жаңы келген үйрөнчүк эмес, тажрыйбалуу куруучунун деле тийиштүү шарттын жоктугунан кырсыкка учурап калуу коркунучу чоң.

– Мисалы, курулушта биз иштеп жүргөндө каскалар берилчү эмес, коопсуздук курлары жок болчу. Тогузунчу кабатта иштеп жатып, бир бурчту тизип жатса, анын коопсуздугу сакталчу эмес. Бир бала бетон плитаны тазалап жатып, жер алдындагы кабелди лом менен чаап жиберип аны ток урган. Бирколу күйүп калган болчу.

Эрежелер унутта, көзөмөл начар

Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын укуктук камсыздоо жана эмгекти коргоо башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Жолчиев курулуш тармагындагы норма-эрежелердин көз көрүнө бузулуп жатышын моюнга алат. Анын айтымында, өлкөдөгү жалпы курулушка болгону 23 кызматкер көз салат. Алар ар бир объектке жетип барып текшермек түгүл, жылына элден түшкөн 1500гө чукул арызды да толук карап бүтө албай отурушат.

– Аларды көзөмөлдөйлү десек, бизде мыйзамдык тоскоолдуктар да бар. Ал жерге биз жөн эле барып текшере албайбыз. Бир менчик ишкананы текшерүү үчүн ага Экономика министрлигинен уруксат алып, анан ишканага 10 күн мурда “биз келебиз” деп кат жазабыз. Антип биз баргыча алар касканы карматып, монтаждык курларын берип, баарын тазалап, баарын оңдоп, чыкыйтып коюшат. Ошондуктан биздин пландуу текшерүүбүз эч жыйынтык бербей жатат.

Юридика илимдеринин доктору, талдоочу Кайрат Осмоналиев мындай кырсыктар Кыргызстанда кадыресе эле көрүнүшкө айланып баратканынан кооптонот. Анын пикиринде, соңку окуяда оор курулуш иштерине өспүрүм баланын аралашып калуусу коомчулуктун, бийликтин көңүлүн буруп отурат. Бул окуядан сөзсүз жыйынтык чыгышы керектигин белгилейт адис.

 Эгер жумуш берүүчү ошол баланын өспүрүм куракта экенин билген болсо, ал аны менен эмгек келишимин да түзө алган эмес. Экинчиден, курулушта иштеген адамдар бардыгы эмгек келишимин түзүүсү керек. Алар Соцфондго төлөш керек, салык төлөш керек. Ошондуктан көпчүлүгү азыр көмүскө иштешет. Мисалы, бригадир акчаны алат да өз билгендей таратып берет. Ал өзүнүн тааныштарын тартууга аракет кылат, керек болсо жумуштан алат. Иши кылып эмгек укугу бузулган учурлар абдан көп. Мурун Эмгек министрлигине караштуу Эмгек кодексинин аткарылышын көзөмөлдөгөн инспекция бар болчу. Ал эки жыл мурда азыркы Экотехинспекцияга өткөн. Эми мунун баарын аталган инспекция ооздукташы керек. Азыр алар ар кайсы шылтоолорду айтып жатат. Мына эми кылмыш иши козголду, жыйынтык болушу керек. Тергөө ошол баланын курулушта иштеп жүргөнүн далилдеши керек, мунун арты менен калган курулуштун баары текшерилиши зарыл.

Экологиялык жана техникалык инспекциянын маалыматында Кыргызстан боюнча 2013-жылы курулуш тармагында 179 кырсык катталып, 80 адам мерт болгон. Быйылкы тогуз айдын жыйынтыгы боюнча 81 кокустук болуп, жыйынтыгында 42 киши көз жумган.

Айзада Касмалиева, “Азаттык”