курсы

Бул тууралуу Каракол шаардык эмгек, миграция жана жаштар бөлүмү маалымдаган деп билдирет аймактык кабарчы Замир Асаналиев.
Маалыматта,  Каракол шаарында жумушсуз жарандарды  иш менен камсыз кылуу максатында жыл ичинде төмөндөгү  кыска мөөнөттүү окуу курстары  өткөрүлдү. 2014-жылдын май айында №14 кесипттик лицейи менен келишим түзүлүп, 19 жумушсуз жаран “В”, ” С” категориясындагы айдоочулук курсун бүтүрүштү . Ал эми ушул жылдын июнь айында Каракол шаарындагы «Утан» окутуу борборунан 20 жумушсуз жаран навайчы-кондитер курсун аякташкан.
Шаардагы № 2 кесипттик лицейине «Тигүүчү бычмачынын» курсуна 12 жаран  жиберилип, окуп жатышат. Алардын 4тү 16 жашка чейинкилер.