Каракол шаардык социалдык фонд башкармалыгы тарабынан карыз ишканалардан 2014-жылы 11375,2 миӊ сом өндүрүлгөн
Каракол шаардык социалдык фонд башкармалыгы тарабынан карыз ишканалардан 2014-жылда 11375,2 миӊ сом өндүрүлгөн. Бул тууралуу соцфонд башкармалыгы маалымдаган деп билдирет аймактык кабарчы Замир Асаналиев.
Каракол шаардык социалдык фонд башкармалыгы тарабынан өткөн жыл аралыгында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйымы боюнча карыздарды өндүрүү максатында сотко 29 ишкана берилди. Алардын жалпы карызы 23244,8 миӊ болсо анын 11375,2 миӊ сому өндүрүлдү.
Ошондой эле 31 кызмат адамдарына 50,0 миӊ сом өлчөмүндө административдик айып салынып, өндүрүү боюнча материалдар сот аткаруучу органга берилди жана 36,0 миӊ сом өндүрүлдү.


Комментарий кошуу