Ысык-Көл облусунда 64 мечит 51 намазкана каттоодон өтө элек
Ысык-Көл облусунда 64 мечит 51 намазкана каттоодон өтө элек. Бул тууралуу облусттук өкүлчүлүктүн укуктук тартип,коопсуздук жана ӨК бөлүмү маалымдаган деп билдирет аймактык кабарчы З.Асаналиев.
Ысык-Көл облусунун аймагында 195 диний уюмдар жана диний багыттагы обьекттер өз ишмердигин жүргүзөт. Анын ичинен 25 христиан багытындагы, 170 ислам багытындагы диний уюмдар жана 152 мечит 1 медресе бар. Мамлекеттик эсептик каттоодон 88 мечит жана 25 христиан багытындагы уюмдар өткөн, калган 64 мечит каттоодон өткөн эмес.
Азыркы учурда 26 мечиттин тийиштүү документтери даярдалып,каржылык маселеси чечилсе каттоодон өткөрүлөт. Мындан тышкары аймакта 51 намазкана болсо алардын баарысы каттоодон өтэлек. Ошондой эле Каракол шаарында борбордук мечит салынып жатат.
Негизинен каттоодон өтүү көйгөйлөрү акча каражатынын жетишпегендигинен жана документтери туура эмес болгондуктан пайда болууда-деп маалымдайт өкүлчүлүктүн укуктук тартип, коопсуздук жана ӨК бөлүмү.


Комментарий кошуу