Индира Жолдубаева орусча жооп кайтарууда
Башкы прокурорлукка талапкер Индира Жолдубаева кыргыз тилинде сүйлөөдөн кыйнала турганын моюнга алды. Жогорку Кеңештин 28-январдагы жыйынында депутаттар И.Жолдубаева берилген суроолорго орус тилинде жооп берип жатканын айтышып, “Кыргыз тилин канчалык деңгээлде билесиз?” деп сурашты. Ал “Кыргыз тилинде айтылгандарды жакшы эле түшүнөм, болгону тажрыйбам аздык кылат. Бул кемчиликти жоём, ишке байланыштуу эч кандай кыйынчылык болбойт“,– деп билдирди.
Даярдаган Айнура ШАЙКЕЕВА


Комментарий кошуу