насилие1

Казакстандан убактылуу экстрадицияланган А.Дүйшеев аттуу Кыргызстан жараны кайра жазасын өтөөгө жиберилет. Зордуктоо жана саламаттыкка оор залал келтиргендиги үчүн кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган А.Дүйшеев Казакстан Республикасынын Ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалып, Жамбыл районунун соту менен Казакстан Республикасынын КЖКнин 103-беренеси (саламаттыка атайылап оор залал келтирүү) менен 12 жыл эркинен ажыратылып, жазасын Казакстан Республикасында өтөөсү көрсөтүлгөн. Ал эми Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Казакстан Республикасынын Башкы прокуратурасына А.Дүйшеевди Кыргыз Республикасына алып келүү жана аны Кыргызстанда козголгон кылмыш иштери боюнча айыпка тартуу жөнүндө өтүнүчү киргизилген. Казакстан Республикасынын башкы прокуратурасы тарабынан өтүнүч жарым-жартылай канааттандырылып, А.Дүйшеев 2002-жылдын 7-октябрында Кишенев шаарында кабыл алынган Конвенциянын негизинде Кыргызстанга айып жоопкерчилигине тартууга убактылуу берилген. А.Дүйшеев 2010-жылдын 16-декабрь күнү Бишкек шаарынын Иманалиева көчөсүнүн 178-үйүнүн имаратында өзүнүн тууганы Н.Исмаилованы зордуктаган. Аталган факт боюнча А.Дүйшеевге Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБ тарабынан КР ЖПКнин 129-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле А.Дүйшеев 2010-жылдын 27-апрелинде Бишкек шаарынын ошол эле Иманалиева көчөсүнүн 178-үйүнүн имаратында мас абалында Н.Байгатаеванын денесине оор залал келтирип, изин суутуп качып кетүүгө үлгүргөн. Бул факты боюнча да Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан КР ЖПКнин 234-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жыйынтыгы менен А.Дүйшеевге КР КЖКнин 129-беренесинин 1-бөлүгү, 234-беренесинин 1-бөлүмү менен айыбы угузулуп, ал издөөгө жарыяланган. 2013-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарынын Ленин районунун сотунун өкүмү менен А.Дүйшеев КР КЖКнин 234-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 1 жылга эркинен ажыратылган. КР КЖКнин 59-беренесинин негизинде А.Дүйшеев Жамбыл районунун соту менен Казак Республикасынын КЖКнин 103-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен 12 жыл эркинен ажыратылган жазасын кошуу менен 13 жылга эркинен ажыратылып, бир жыл жазасын Кыргызстанда өтөсүн деп тапкан. Бирок, Ленин районунун соту тарабынан КР КЖКнин 59-беренеси жана 2002- жылдын 7-октябрында Кишенев шаарында кабыл алынган Конвенциясынын талаптары бузулган. А.Дүйшеев Ленин райондук сотунун өкүмү боюнча 1 жыл жазасын өтөгөндөн кийин, ал Казакстан Республикасына Жамбыл районунун соту менен 12 жыл эркинен ажыратылганына байланыштуу, жазасын Казак Республикасында өтөөгө кайра жиберилиш керек болчу.

Бишкек шаарынын прокуратурасынын бөлүмүнүн ага прокурору Т.С.Сувановдун билдиргенине караганда, азыркы учурда А.Дүйшеев 1 жылдык мөөнөт жазасын Кыргыз Республикасында абакта өтөп бүткөнүнө байланыштуу жакын арада Казакстанга жазасын өтөөгө жиберилет.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА