Казакстандан импорттук электр энергиянын кымбаттагандыгын билдирди
Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик Казакстанда электр энергиясына карата баанын жогорулашын күткөн. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Бишкектеги маалымат жыйында отун-энергетикалык комплексти көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Нурбек Элебаев билдирди.Азыр доллардын баасынын өсүшүнө байланыштуу импорттук энергиянын 1 кВт.саатынын баасы 5,61 сомго чейин кымбаттады. «Электр станциялары» ААК келишимди теңге менен түзгөн, деди Элебаев.«15,44 тенге — декабрга карата келишим боюнча баа болчу жана январда Казакстандан 1 кВт.саат 15,51 теңге болот. Башкача айтканда 0,7 теңгеге кымбаттоо болуп жатат. 1-февралдан баштап Казакстанда электр энергиясынын алдыдагы өсүшү жөнүндөгү маалыматка байланыштуу көп суроолор жаралды. Жамбыл ГЭСне суроо жебергенбиз жана бир күндүн ичинде Казакстандын Энергетика министрлиги тарабынан, министрлик тарабынан бул каралбагандыгын жана мындай жарлык чыгарылбай тургандыгы боюнча төгүндөө алдык», – деп билдирди.
Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик, абонент, айына эгерде 700 кВт.сааттан жогору пайдаланса, электр энергиясы үчүн кандай төлөшү керектигин маалымдады. 11-декабрда электр жана жылуулук энергиясына жаңы тарифтик саясат күчүнө кирди. Ага ылайык, керектөөчү айына 700 кВт.саатка чейин электрди колдонсо 1 кВт.саатка 70 тыйындан төлөйт, ал эми бул көрсөткүч 700 кВт.сааттан ашып кетсе, Казакстандан импорттолуп жаткан электр энергиясын эске алуу менен 2 сом 05 тыйындан төлөнө баштайт. Мисалы, эгерде абонент бир айда 750 кВт.саат электр энергиясын пайдаланган болсо, төлөм төмөнкүчө эсептелет:
700 кВт.саат 70 тыйын тарифи менен = 490 сом
50 кВт.саат 2 сом 05 тыйын тарифи менен = 102,5 сом
Бардык төлөм: 592,5 сом.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Leave a Reply