бакиев Анапияевдин

Президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча билдирүү жасады. Анда ал кылмышка Бакиевдердин катыштыгы бардыгын жана буга Беларусь бийлиги чара көрүшү керектигин айтты. Ошондой эле өлкө башчысы өз билдирүүсүндө Беларусь өлкөсү кылмышкерлерди кармап, Кыргыз өлкөсүнө өткөрүп берерине ишенерин да белгиледи.

Өлкө башчысынын бул билдирүүсү тууралуу айрым серепчилерди ой бөлүшүүгө чакырдык.

Жыпар Жекшеев:

– Алманбет Анапияев кылмыштуу топтун көрүнүктүү лидерлеринин бири экени баарына маалым. Ушул эле жигит Жаныш Бакиевге кызмат кылгандыгы жана анын колу менен Бакиевдер көп кылмыштарды жасаганы коомчулуктун эсинде.

Бул аптанын чуулуу темасы эле ушул “кримавторитет” аталган Анапияевдин киши колдуу болуп өлтүрүлүшү тууралуу болду. Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Иликтөө ара жолдо калбай, аягына чейин чыкса деп бардыгы кулак түрүп турган чак. Маалымат булактарынын баарынан көрүп, угуп, окуп жатабыз. Анапияевдин жан жөкөрү ИИМге өзү келип, көрсөтмө берип, көргөн-билгендеринин баарын айтууда. Негизгиси, коомчулуктун күткөнү – укук коргоо органдарынан жыйынтык. Тергөө иштери адилет, калыс жана кесипкөй уланса, балким, бул иштин артында куйругу узун кылмышкерлер дагы чыгып калышы толук ыктымал.

Марат Казакбаев:

– Президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө мен да кошулам. Интерпол тарабынан издөөгө алынган Кыргызстандын жараны Алманбет Анапияевдин Беларусь мамлекетинде киши колдуу болушуна байланыштуу жана бул иш боюнча күбө катары суракка алынган Гүлжигит Абилазизовдун көрсөтмөсүнөн кийин өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Беларусь бийлигинен Жаныш Бакиевди жана анын жанындагы кылмыш ишине тиешелүүлөрдү колго түшүрүп, экстрадициялоосу боюнча кайрылышы керек.

Коркунучтуу кылмыштарга түздөн-түз тиешеси бар Бакиевдер азыркы тапта Белоруссиянын аймагында жашап жатышат. Демек, Беларусь бийлигинин башында турган Лукашенко токтоосуз чара көрүшү кажет.

Токтогул Какчекеев:

– Алманбет Анапияев буга чейинки жасаган кылмыштуу иштеринин бети ачылып, ал эл аралык издөөдөгү кыргыз жараны эле. Анын Минск шаарында өлтүрүлүшүнөн кийин башка ысым менен паспорт алып, жашырынып жүргөндүгү ачыкталды. Ал эми анын өлтүрүлүшү тууралуу окуя болгон күнү Алманбет Анапияевдин жанында жүргөн жигит милицияга 25-февралда берген көрсөтмөсү боюнча, Анапияевдин өлүмүнө шектүү катары мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин, ИИМдин Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкармалыгынын мурунку башчысы Айбек Абдразаковдун жана Жаныш Бакиевдин чечен улутундагы жан сакчысы Рустам Сайдуевдин сүрөтүн көрсөттү. Анапияевдин Минск шаарында өлтүрүлүшү боюнча кылмыш кодексине ылайык тергөө жүрүп жатат. Бирок, кылмышка шектүүлөр өлкөгө алынып келиши керек эле. Тилекке каршы, Бакиевдер Беларусь жарандыгын алууга жетишишкен. Ошол себептен Лукашенко Беларусь жараны болгон соң, аны Кыргызстанга өткөрүп берүү сунушуна макул эместигин айтууда. Бирок, ал акыр-аягы көзүн ачып, эсине келип, кандай адамдарды колтугуна катып отурганын билиши керек деп эсептейм.

 Динар Турдугулова