авариядан
 Бишкекте белгисиз айдоочу кызды өлтүрө сүзүп, качып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Бишкек ШИИБдин Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-мартта саат 6.30да белгисиз айдоочу белгисиз үлгүдөгү унаа менен Дэн-Сяопин менен Кустанай көчөсүнүн кесилишинен «Газпром» май куючу жайынын маңдайынан азиат түспөлдүү 25-30 жаштагы кызды сүзүп кетти. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен кыз алган жаракаттарынан улам көз жумду.

Бишкек ШИИБдин Жол кайгуул кызматы жол кырсыгына күбө болгондорго кайрылып, маалыматы менен бөлүшүүнү өтүнөт. Байланыш телефондору: 53-01-81 же 0701 102652 (күнү-түнү).

Ал эми, качып кеткен айдоочуга Бишкек ШИИБдин Жол кайгуул кызматына өз эрки менен келип, түшүндүрмө берүүсү сунушталат.