Ишенчээктигинен ажал таап…
Каракол шаардык ИИБ билдиргендей, 1-январь күнү 71 жаштагы Акжолтой аттуу адамдын сөөгү өз үйүнөн табылган. Анын сейфинен акчалар жоголгонун туугандары билдиришкен. 2-январь күнү Ак-Суу районунун Боз-Булуң айылынын тургундары 25 жаштагы кыз жана 19 жаштагы жигит кармалган. Кыз пенсионердин ишенимине кирип, жалгыз жашаарынан пайдаланып, анын үйүнө дос жигитин алып барган. Кыз ала барган жигитти иним деп тааныштырган жана андан карызга акча сураган. Үй ээси бурулган маалда жигит анын башына үбөлүк менен өлтүрө чаап, үйдүн 2-кабатындагы сейфинен 10 миң доллар акчасын уурдап кетишкен. Алар акчага машина сатып алып, майлап жүрүшкөн. Калган акчалары үйлөрүнөн табылган.
Сымбат Максутова


Leave a Reply