Министр М.Турганбаев Камиланын өлүмү тууралуу: Биз жакынкы убакытта бул ишти ачыкташыбыз керек. Жакшы кайырмактар бар
21-ноябрда «Ата Мекен» фракциясынын отурумунда Ички иштер министри Мелис Турганбаев, Камила аттуу кыздын өлүмү жөнүндө ишке комментарий берип жатып, «Биз жакынкы убакытта бул ишти ачыкташыбыз керек. Жакшы кайырмактар (ниточка) бар», деп билдирди.
Отурумда депутат Ширин Айтматова, мурдагы министр Абдулда Суранчиев өлтүрүлгөн Камила, аткаминерлер жана бийликке жакындыгы барлар менен байланышта болгондугун айткандыгын белгиледи.
«Кыздын денеси Байтиктеги көрүстөндөн табылган. Мен андан кийин Суранчиевге кат жазгам, ал кайсы аткаминерлер менен байланышта болгондугун айтууну сурангам. Бирок ал жооп берген жок», – деди депутат.
Министр Турганбаев өз кезегинде иш жакынкы убакта ачыкталышы мүмкүн экендигин айтты.
«Кыздын өлүмү боюнча биз иштеп жатабыз. Биз жакынкы убакытта бул ишти ачыкташыбыз керек. Жакшы белги (ниточка) бар. Мага бул жөнүндө кечээ гана маалымдашты»,- деди ал.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 10-мартында 1995-жылы туулган Камила Дүйшөбаева «Достук» кичи районундагы үйүнөн, Совет жана Киев көчөлөрүндө достору менен жолугушуу үчүн чыгып кетип, бирок ал досторуна барган эмес. Курдаштары ага телефон чаган кезде анын телефону өчүк болгон.
16-март күнү кечинде анын жансыз денеси Байтик айылындагы көрүстөндүн аймагынан табылган.

Leave a Reply