«ЭкоИсламикБанкты» тоноого шектелгендердин бири кармалды
Бүгүн, 24-ноябрда АКИpress агенттигине Бишкек ШИИББден Бишкекте «ЭкоИсламикБанктын» филиалын тоноого шектүүлөр кармалгандыгын маалымдашты.
Маалыматка таянсак, кечээ, 23-ноябрда милицияга, «ЭкоИсламикБанктын» жетекчиси белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранып кайрылган.
«Арызда жабырлануучу, 23-ноябрда болжол менен саат 09:00дөн 10:00го чейин 30-35 жаштар чамасындагы, беткапчан, куралчан белгисиз эки адам банктын шаардагы Лев Толстой көчөсү боюнча жайгашкан филиалына кол салышкандыгын көрсөткөн. Тоноочулар банктын кызматкерин тапанча менен коркутуп, сабашып, 1,5 млн сомго жакын акчаны, 13 миң АКШ долларын, бир нече миң рубль жана 175 миң тенгени алып кетишкен»,- деп билдиришти милициядан.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан изи сууй электе Аламүдүн районунун Озерное айылынын 27 жаштагы тургуну С.Заирбек кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.
Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси барларды аныктоо жана жүргөн жерлерин тактоо иштери улантылып жатат.


Leave a Reply