Бишкекте «ЭкспоСтрой» ЖЧКнын Москва көчөсү, 191 дарегиндеги курулуш объектисинин 9-кабатынан жумушчу кулап кеткендигин бүгүн, 24-ноябрда АКИpress агенттигине күбөлөр маалымдашты.Жаш жигит курулуп жаткан үйдүн 8-9-кабатында иштеп жаткан.

Жумушчулар кырсыктан кийин бир нече минуттан соң аны авто унаага (S 5408 G) салып алып кетишти.

Укук министрлигинин маалыматы боюнча, «Экспо-Строй» ишканасы Түлеевдердин үй-бүлөсүнө таандык. Курулуш мурдагы бала бакчанын ордуна курулууда.

1

2

3

4

5

6

7

8

9

Фото: АКИpress