чек

Кечээ Ысык-Көл облусунун кыргыз-кытай чек арасынан 3 жаран кармалды. Алардын жанында өздөрүн күбөлөндүргөн бир да документ болгон эмес. Өздөрүнүн айтуусунда алар Кытайдын Кыргыз автономдуу округунун Кызыл-Суу облусунун Жамансуу айылынын тургундары. Алардын жанынан 6 бычак, 369 юань, тамак-аш жана дары-дармектер табылган. Иликтөө жүрүүдө.

Сымбат Максутова