№47 колониянын жетекчи орун басарына кол салган деп шектелгендер күнөөлөрү далилденбей эле камакта отурушат, – жактоочулар
№47 колониянын жетекчисинин орун басарына бычак менен жаракат келтирди деген шек менен камалган Нуркемил Искендеров менен Айткожо уулу Тимурдун эч кандай күнөөлөрү далилденбей туруп камакта отурушат. Мындай билдирүү менен бүгүн, 24-ноябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында алардын жактоочусу Юрий Скатневкий, коомдук коргоочу Исмаил Токобаев жана Тимурдун апасы Гүлсүн Турсуналиева чыгышты.
И.Токобаевдин айтымында, 2013-жылдын 26-декабрында №47 колониянын жетекчисинин орун басары болуп иштеген Милан Шакиевге шаардагы Гагарин жана Маликов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз бирөөлөр бычак менен жаракат келтирген. «Окуя болжол менен саат 15:35тер чамасында болгон. Окуя болгон жерге жакын вулканизациянын камерасына 2 сааттан кийин биздин балдар өз иштери менен барып тартылып калган. Кылмышты ача алышпай ошол видеонун негизинде биздин балдарды камап коюп жатышат», – деди ал.
Аталган кылмышка шектелип камалган Айткожо уулу Тимурдун апасы Г.Турсуналиева, Шакиевге кол салгандар 4 киши болгонун, ага карабай буга тиешеси жок эки баланы камап жатышкандыгын айтып, «Кол салгандарды калкалоо үчүн биздин балдарды камап жатышат», – деди.
Өз кезегинде Ю.Скатневский, Ленин райондук сотундагы териштирүүдө эч кандай күнөө далилденбей балдар үй камагына чыгарылганын билдирди. «Бирок анын чечимине каршы проокуратуранын доо арызынын негизинде Бишкек шаардык соту балдарды кайрадан камоо чечимин чыгарды», – деди жактоочу.
Коргоочу Токобаев, камалган балдарга карата түрмөдө кыйноо аракеттери болгондугун кошумчалады.
«Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери 4 майор Сүйөркулов, Ботбаев, Момошев, Сатаров дегендер балдарды суу толтурулган желим идиштер менен сабап, Нуркемелдин чычаңы сынган. Бул боюнча дарыгерлердин корутундусу дагы бар. Жабырлануучу Шакиев өзү соттук отурумдарга келбей жатып араң келди»,- деди ал.
Жактоочулар, ошондой эле, бул ишти иликтөөдө президентке кайрылуу жасашты.
«Президент Алмазбек Атамбаевге кайрылам. Соттор мыйзам чегинде чечим чыгарбай элдин нааразычылыгын жаратып жатат. Ак жерден балдар күйүп жатышат. Ушул ишке президент жардам берсе жакшы болот эле. Акча алган сотторду токтошубуз керек», – деди Токобаев.
Эске салсак, 2013-жылдын 26-декабрында Бишкекте 25-30 жаштар чамасындагы белгисиз төрт адам Милан Шакиевди бычак менен сайып, белгисиз тарапка качып кетүүгө үлгүрүшкөн.


Leave a Reply