сот1
Келерки жылы республикалык бюджеттен мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 243 млн. сом бөлүнөт. Бул тууралуу Каржы министри Ольга Лаврова парламенттин бүгүнкү сессиясында билдирди. Ошондой эле ал эмки жылы парламентке шайлоо болоорун айтып, аны өткөрүүгө бюджеттен 230 млн. сом, мындан тышкары чек ара аймактарын өнүктүрүүгө 100 млн.сом өлчөмүндө каражаттар карала тургандыгын кошумчалады.
Министр айым белгилегендей, 2015-жылдын бюджетинен дипломатиялык кызмат жөнүндө мыйзамды ишке ашырууга да 148 млн. сом, сот системасына 1 млрд. 50 млн. сом каралат.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын бюджетинин эсебинен өлкөнүн сот тармагына 400 млн. сом бөлүнгөн. Ал эми кийинки жылы анын суммасын көтөрүү соттук реформа бекитилгендигине байланыштуу дейт ал.
Динар Турдугулова