Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты жана КМШ иштери боюнча комитеттин мүчөсү Илья Дроздов Орусиянын бош калган айылдарына кытайларды, түндүктүк корейлер менен япондорду туруктуу жашаганга алып келүүнү сунуштады. Бул тууралуу парламентарий «Русская служба новостей» эфиринде билдирди, деп жазат Lenta.ru.

«Эмгекти сүйгөн кытайлыктарды, түндүктүк корейлерди, япондорду Орусиянын жарандарынын жетекчилигинде керектүү санда бош турган орус айылдарына алып келүүгө эч ким тоскоол болбойт», — деди Дроздов.

Депутаттын айтымында, жакынкы убактарда ушул сыяктуу долбоордун максаттуулугун карай турган атайын орган түзүү керек.