Оторбаев1
Өлкөнүн 2015-жылга карата бюджетин бекитип жатабыз. Мында биринчи кезекте эске ала турган маселелер бар. Өлкөнү 2014-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында башталган масштабдуу инсфраструктуралык долбоорлор, бардык артыкчылыктар, ага кошумча бюджеттин орто мөөнөттүү долбоору Өкмөттүн ишинин негизги багыттарында көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, Президентибиз Алмазбек Атамбаев жакында эле Казакстанга жасаган иш сапарынын жыйынтыгы менен 2014-2015-жылдары Казакстандан рынок баасы менен 1 миллиард 400 миллион кВт/саат электр кубаты алынаары туурасындагы маселени чечип келди. Электр кубатын импорттоодогу Жамбыл ГЭСинин операциялык чыгымдары менен газ, мазут, транзит чыгымдары үчүн 5 миллиард (97,2 миллион доллар, КНС менен) сомдон ашуун каражат табышыбыз зарыл. Бирок, муну менен электр тартыштыгы толугу менен чечилди деп кол куушуруп отура бербей, өзүбүздүн энергетика үчүн да көмүр сатып алуу маселесин караштырышыбыз керек. Бишкек ЖЭБи 360 мВтка иштеши үчүн көмүр, мазут жана газ сатып алышыбыз кажет. Жалпысынан кыш сезонунан чыгуу үчүн Бишкек ЖЭБине 3,3 миллиард сом каражат керектелет экен. Бул каражатты кайдан болбосун табышыбыз керек. Булактарды издештирүүбүз зарыл. Бул багытта Каржы министрлиги менен биргелешип иштеп жатабыз. Анткени, кыш кандай болоору белгисиз. Кийинки жылдын бюджетин бекитээрде ушул эки маселеге көңүл буруу маанилүү.

Динар Турдугулова