интернет

Дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдө DVDден көрүүгө караганда интернет көрүү көбөйдү. Мындай тыянакты белгилүү америкалык аналитикалык компания изилдөө жүргүзгөн. Мисалы, жыл ичинде америкалыктар тасманы бүткүл дүйнөлүк желеден 3,4 млрд., ал эми дисктерден 2,4 млдр. жолу көрүшкөн. Интернеттин үстөмдүгү баасынын арзандыгы менен түшүндүрүлүүдө. Алсак, америкалык интернет-сервистерде бир тасма көрүүнүн баасы 50 цент болсо, дисктер 4,7 доллардан сатылат. Пайда жагына токтоло кетсек, тасмалар жазылган дисктерден 2012-жылы 11,1 млрд. доллар киреше табылса, тасмаларды интернет аркылуу сатуудан 1,7 млрд. каражат түшөт. Айта кетсек, АКШда DVDлердин гүлдөгөн мезгили 2004-жылга туура келип, учурда популярдуулугун жоготуп баратат.

Айнура ШАЙКЕЕВА