алкоголь

Маалыматтарга караганда өткөн жылы баңгизат чегип алып кылмыш кылгандар эки эсеге көбөйгөн. Чүй облусунда беш эсеге, Ошто эки эсеге, Бишкек шаарында 66 пайызга өскөн. Ал эми Нарын жана Баткенде болсо бул көрсөткүч төмөндөгөн. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, өлкөдө 23 миңден ашык кылмыш катталган. ИИМдин коомдук коопсуздукту сактоо башкармалыгынын жетекчиси Эркин Баевдин айтымына караганда, өткөн жылдын жыйынтыгында 23 миңден ашык кылмыш катталган. Укук коргоо органдарынын кара тизмесинде мыйзамсыз маңзат соодасына кыныккан 300гө чукул адам турат. Эки жыл мурда булардын саны 230 болгон. Расмий маалымат боюнча, өлкөдө 9200 адам баңгизат колдонот. Адистер маңзат колдонгондордун санынын улам өсүшү Кыргызстандын Афганистандын маңзаты ташылып өтчү жолдо жайгашканы менен байланыштырышат. Акыркы мезгилде маңзат соодасы менен алектенгендер гана эмес, аны колдонгондордун саны да өсүп жатат. Алардын арасында жаштар баасымдуулук кылат. Ысык-Көл, Чүй жана башка аймактарда өскөн маңзаттын жеңил түрүн, Афганистандан ташылып жаткан оор түрүн да колдонгондор көбөйүүдө.

 Даярдаган Айнура Шайкеева