аялдар

 Нарын шаарына жер-жерлерден жоон топ аялдар өкүлдөрү чакырылып, аларга 2-3-мартта Бишкек шаарында өтө турган Кыргызстан аялдарынын биринчи улуттук форуму тууралуу маалыматтар келтирилди. Мурдакы доордо партиялык, чарбалык, кеңеш тутумунда эмгектенген учурдагы ардагер апалардын, азыркы бийликтегилердин, учурдагы жергиликтүү жетекчи кызматтарда тургандардын жана бир катар коомдук уюмдардын лидерлеринин алдында «Роза Отунбаеванын эл аралык коомдук» корунун алдында уюшулган топтун мүчөсү Гүлжамал Султаналиева кеп куруп берди.

-Биз «Жаңы Кыргызстандын жаңы чакырыктары» деген ураан менен чыгып жатабыз. Ушундан улам 2-3-мартта Бишкек шаарында Кыргызстан аялдарынын биринчи улуттук форуму өткөрүлөт. Анын ишине катышууга 50 аял Нарын облусунан делегат катары барышмакчы. Бирок бул форум өзүбүздү көтөрмөлөп чыгуу аркылуу өздүк салымдардын эсебинен өткөрүлөт. Дагы бир өзгөчөлүк форумга катышуучулар улуттук кийимдерди кийүү менен катышышат. Анда аялдардын экономикалык абалы, саясый жана социалдык укуктары жана сот адилеттигине жетишүү багыттары талкууланат,-деди Г.Султаналиева айым. Бирок мындай жагдай айрым жарандардын суроосун пайда кылды.

-Бул форумдун аягы барып саясый оюн болуп калбайбы,-деген тынчсыздануусун билдирди Нарын районунун акиминин орун басары Роза Жумаева.

-Албетте бул саясый компания эмес. Бирок эртеңки күнү ал саясатка алып барат. Себеби саясатчылар учурунда аялдарды курал кылып пайдаланышып, анан аягында сүрүп чыгарышууда,-деп жооп кайтарды Г.Султаналиева айым.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу