Жарык дүйнө менен кош айтышкан аял 13 аптадан соң көз жарды

Венгрияда кош бойлуу аял инсульт алгандан кийин ага дарыгерлер "мээнин өлүмү" деген диагноз коюшкан. Дарыгерлер аялды жасалма дем алдырып, 13 апта бою кармап турушту жана кесарево ыкмасынын жардамы менен дени соо баланы жарык дүйнөгө алып…
Толугу менен »

Кытайлык кыргыздар

         Кытайдагы кыргыздардын саны дээрлик расмий маалымат боюнча 145 миңге жетет.  Көпчүлүгү Сиьцзян Уйгур автономдук районунун Кызыл Суу Кыргыз автономдук өлкөмүндө жашашат. Кай бири Хэйлунцзян провинциясынын Фуюй уездинде чачыранды өмүр сүрүшөт. Кыргыздарды кытайда…
Толугу менен »

ВШК Каримовду каттоодон баш тартты

Өзбекстанда 29-мартка белгиленген президенттик шайлоону утурлай бозгунда жашаган өзбек активисттери да бул саясий өнөктүккө даярдык көрүүдө. Алар уюштурган Виртуалдык шайлоо комиссиясы да бул аптада президенттикке талапкерлердин тизмесин жарыялады. Өзбек активисттери уюштурган Виртуалдык шайлоо комиссиясы каттаган…
Толугу менен »

Лениндин мавзолейи жабылды

 Москвада пролетариаттын жол башчысы Владимир Ильич Лениндин мавзолейи кечээ, 16-февралдан тарта эки айга жабылды. Мавзолей эки жылда бир ирет профилактикалык максатта жабылып келет. Бул жолу да Бүткүл орусиялык дарылык жана жыпар жыттуу өсүмдүктөр институтунун адистери…
Толугу менен »

Стамбулда “Кыргыз айылы”  эшигин ачат

11-14-февралда Стамбулда  “Кыргыз айылы” фестивалын уюштуруу жана өткөрүү маселеси боюнча жолугушуулар болуп өттү. Ал  өткөн жылдын сентябрь айында Көчмөндөр оюнунда  тигилген  “Кыргыз айылынын” кичи долбоору десек болот. Стамбулдун борборунда 15-20 боз тигилет. Мында этнографиялык концерт,…
Толугу менен »

Казакстан: мөөнөтүнөн мурун шайлоо болобу?

Казакстандын Элдер ассамблеялык кеңеши президентти тандоодо кезексиз электориалдык кампанияны демилгеледи. Адистер президенттик шайлоонун мөөнөтүн талкуулап жатат. Алардын пикиринде, бул тууралуу сүйлөшүүлөр бир топ убакыттан  бери жүрүп келет жана ченемдүү шарттар да бар. Биринчиден, бийликтин алмашуусун…
Толугу менен »

Кытай: миллиард акча өлүмдөн куткарбады

Кытайда тоо-кен корпорациясынын мурдагы башчысы, өлкөдөгү эң бай адамдардын бири Лю Хан өлүм жазасына тартылды. Аны менен кошо инисине жана үзөңгүлөш үч жолдошуна да катаал жаза колдонулду. Кытайда коррупция менен күрөш эки жарым жыл мурда…
Толугу менен »

Капитан 16 жыл 1 айга абакка кесилди  

2012-жылдын январь айында рифке урунуп, чөгүп кеткен Costa Concordia круиздик лайнеринин капитаны Фраческо Скеттино 16 жыл 1 айга абакка кесилди. Сот кырсыкта каза тапкан 32 адамдын өлүмү үчүн капитанды күнөөлүү деген чечимге келген. Өз айыбын…
Толугу менен »

План ишке ашпай калды

Тайвандын түштүгүндөгү Гаосюн түрмөсүндө алты адам 11-февралда түрмөнүн начальниги менен башкы күзөтчүнү кошуп, бир нече кишини барымтага алышкан. Алар түрмөдөн чыгып кетүүүчүн автоунаа берүүнү талап кылышкан. Полиция барымтадагыларды бошотуу аракетин баштагыча эле, аларды кое берип,…
Толугу менен »

Эки кылымдан соң кыз төрөлдү

Улуу Британиянын Кент графствосунда жашашкан 33 жаштагы тренер  Марк  менен  26 жаштагы акушер Ханна  Лорилердин үй-бүлөсүндө адаттан тыш кызыктуу окуя болуп өткөндүгү желдей тарады. Көрсө, булардын ата-тегинин беш муундан берки таржымалында, б.а. король Георг IIIчү…
Толугу менен »

Эболанын курмандыктары 9 миңден ашты

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тараткан акыркы маалымат боюнча Эбола вирусунан өлгөндөрдүн саны Гвинея, Либерия жана Сьерра Леонеде 9 миң кишиден ашты. Ал эми жуктуруп алгандар 22525ке жетти. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун качкындардын иши…
Толугу менен »

Өзбекстанда мунай түгөнгөн, газы азайса атом станциясын курабы?

 “Өзбекнефтегаз” компаниясы Түркмөнстан менен чек арага жакын аймакта газдын 5 кенин иштетүүгө $334 миллион каражат коротту. Алардын арасынан Самантепе, Гирсан жана Тайлак кендери эң ирилери болуп саналат. Быйыл жаңы кендерден өндүрүлүүчү 3,8 миллиард кубометр газ…
Толугу менен »