Astana1

Казакстандын Элдер ассамблеялык кеңеши президентти тандоодо кезексиз электориалдык кампанияны демилгеледи. Адистер президенттик шайлоонун мөөнөтүн талкуулап жатат. Алардын пикиринде, бул тууралуу сүйлөшүүлөр бир топ убакыттан  бери жүрүп келет жана ченемдүү шарттар да бар. Биринчиден, бийликтин алмашуусун калк жетиштүү деңгээлде терс кабыл алууда. Президент менен стабилдүүлүк, биримдик жана көз карандуулукка жетүүгө болгон кепилдикти байланыштырууда. Коомчулукта учурдагы президенттен башка саясый фигура жок. Экинчиден көптөн бери чечилбей келе жаткан маселелер, ыкчам чечилип, шайлоо менен көпчүлүк суроолорго жооп алынат дешет эксперттер.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА