бөбөк

Улуу Британиянын Кент графствосунда жашашкан 33 жаштагы тренер  Марк  менен  26 жаштагы акушер Ханна  Лорилердин үй-бүлөсүндө адаттан тыш кызыктуу окуя болуп өткөндүгү желдей тарады. Көрсө, булардын ата-тегинин беш муундан берки таржымалында, б.а. король Георг IIIчү башкарып турган кезден – 1809-жылдан бери жалаң гана уул балдар төрөлүп, ошондон бери бир да жолу кыз жарык дүйнөгө келбептир. Эми минтип арадан 205 жыл өткөндөн кийин 2014-жылдын октябрында Майла аттуу кыздуу болушканын ушу күнгө чейин айтпай келишип, жакында гана ачыкка чыгарышты.

Марк менен Ханна Ларилер мындан үч жыл мурда  уулдуу болушканда эч ким таң калган эмес. Муну алардын укум-тукумунун өзгөчөлүү  жагы катары боло келген көрүнүш деп  кабылдашкан. Бул жолу кыз төрөлөөрү анык болсо да такыр ишенишпей, врачтар жаңылышып жатышат деп эсептеп келишкен. Анткени, эки кылымдан ашык мезгилден  бери бир да жолу  кылы кыйшайбаган  үй-бүлөлүк бул ырымдын бузулбай турганына болгон ишеним аябай чоң болчу. Не дегенде, Марктын буга чейинки баш кошкон жубайларынан да 2 эркек баласы бар экендигин да айта кетүүбүз абзел.

Таалайбек  ТЕМИРОВ