Макешованыкы

Жарым кылымдык тарыхы бар борборубуздагы №2  музыкалык мектептин тарыхынан кеп салсак, биринчи директор Ишимбай Рыспаев, алгачкы окуу бөлүмүнүн башчысы Евсюков Семен Васильевич эске түшпөй койбойт. Анткени, алгач уюштурулуп жаткан өнөр мектебин өргө сүрөө кайдан оңой болсун?! Кадр жагынан чыңдоого айрыкча көңүл бурушкан. Айталык,  чыгаан музыканттарды окутуу, тарбиялоо оңой убакытты талап кылбайт. Биринчиден кудай берген шык, жөндөм болушу керек. Эң башкысы, талбас аракет, таланттуу саяпкериң, мугалимиң болбосо кайран дымагың талаага кетет. Бир жакшы жери аталган мектепке Пастухов Артур Леодинович, Калитурин Валерий Иванович, Медведенко Анатолий Савельевич, Гофман Валентина Эдуардовна, Юсупова Нина Александровна, Митин Сергей Филиппович, Панжинская Ольга Никифоровна жана башка ондогон мугалимдер болочок музыканттардын унутулгус устаттарына айланып калышкан. Жарым кылым ичинде жаңы муун, жаңы толкун пайда болбой койгон жок.

Жарым кылым аралыгында 12 адистик боюнча 788 окуучу бүтүп кеткен. Мындан 200гө жакыны андан ары музыкалык жогорку окуу жайларында, консерваторияларда билимдерин улантып, маданият жана искусство майданынын чамгарагын көкөлөтүп жатышат.

50 жылдык мааракелик салтанатта Бишкек шаардык маданият жана туризм башкармалыгынын башчысы Ракишов Малик Кубанычбекович жарым кылымдык эмгектери тууралуу айтып, Ардак грамоталар ээлерин тапты.  КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен, Бишкек шаардык Кеңешинен келген өкүлдөр да куттуктоо сөздөрүн айтышып, Ардак грамоталарын, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгилерин эмгеги сиңген мугалимдерге тапшырышты. “Атын атаса – куту сүйүнөт” дегендей  мындай сый-урмат да керек белем. Мамлекеттик чоң сыйлыктар, наамдарга мораторий жарыяланып, не бир кашкайган таланттар татыктуу наамдан куру калышууда. Классикалык музыканын казанында кайнаган, болочок Атай, Моцарттарды тарбиялагандардын эмгеги албетте, ат көтөргүс. Юбилейлик концертине кулак төшөп, классикалык музыканын бешигинде термелдик. К.Молдобасанов атындагы улуттук консерваториясынын көрүүчүлөр залы шаңга бөлөнүп турду. Алгач Т.Н.Ахтерованын жетекчилиги менен чоң балдар хору Дж.Фарелл-Смиттин “Глория” деген чыгармасын чоң симфониялык оркестрдин коштоосунда аткарышты. Башкы дирижеру КР Эл артисти, профессор Александр Георгиев. Татаал бир нече үндүү хорду купулубузга жеткиришти. Сөз кезеги келгенде КР Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, композитор, профессор Муратбек Бегалиевдин бул оркестрди түзүүдөгү эмгегин баалап кетпесек болбос. Түзүүчү, негиздөөчү, көркөм жетекчиси катары зор мээнетин төктү. Мэриянын алдындагы чоң оркестр катары нечен салтанаттын шаңын чыгарышууда. Нукура классикалык музыканын баркын, даңкын көтөрсөк жакшы болор эле. Тилекке каршы, бул тилек  кыял бойдон калып келет. Кийинки мезгилде музыкалык терең билимден кабары жок эстрада жылдыздары жамгырдан кийин чыккан козу карындай жайнап, ал эми классикалык музыканын музасына батпагандар сейректеп барат. Маданиятыбыздын орду толгус кемчилиги мына ушунда. “Балдар, жаштар неге театрларга барбайт, китеп окубайт? деген суроо туулган жерде эле күнөөнүн көбүн интернет булактарына шыбап жатып калабыз. Алыс барбай эле улуу акын Алыкул Осмонов айтмакчы,  бир боор орус элинде опера, балет, спектаклдер аншлаг менен өтүп, билеттерди күн мурунтан алышары маалым.  Ал эми  алыскы жапон өлкөсү заманбап технологиялык ачылыштардын атасын окуткан күндө да китеп окуу жагынан алдына башка өлкөлөрдү чыгарышпайт. Китеп, театрсыз маданиятты элестетүү кайда?! Бул ыйык рух аспаптарын алмаштырууга атаандаштар эки дүйнөдө эч качан табылбас. Биздин өлкөдө теңирден тескери көрүнүш.  Опера, балет, драма театрларга, музейлерге агылып барган кыргыз интеллигенциясы аз. “Алар кайда?! депутат, министр, мамчиновниктерибиз баш болуп той-аш өткүрүлгөн ресторандарда жыйылып жүрүшөт. Фонограмма менен ырдап, бийлеген “жылдыздарды” тыңшап ырахат алышат. Чөнтөктөрүн чачышат. Кыштыр-жайдыр ресторандар бош эмес, ал эми маданий жайларга кирип, чыккандар сейрек.

Ушул тапта мектепти Ысмайыл Алишев жетектейт. Анын окуучусу Асел Өмүрзак кызы чоң симфониялык оркестрдин коштоосунда виртуоз комузчу, композитор Атай Огомбаевдин “Маш ботоюн” машына келтирип аткарганына тан бербей койбойсуң. Кадимки эле чоң комузчу Самара Токтакунова эжебиздей так, ары шамдагайлык менен аткарып берди. Дирижеру, КР Эл артисти, профессор Александр Георгиев сакадай бою сары алтын кичинекей кызды маңдайынан сүйүп, жетине албай турду. Дүркүрөп колдор чабылды. Түн чымкый кара түскө боелуп турганда, кандайдыр бир керемет жарык шоола  жанып, айлананы шаңга бөлөп салгандай кубандык. Жок болуп бараткан искусство кайрадан төрөлө баштагандай таасир алдык.

Ток этээри, ушул эле музыкалык мектепти бүтүп, кайрадан өзү окуган мектебине скрипкадан мугалим болуп келген Күлбайра Чалакова окуучусу Камила Жумаева менен Г.Тельмандын ля-минор “Оркестр менен скрипка үчүн жазылган концертинин”  финалын чеберчилик менен аткарышты. Улуу муун мугалимдеринин ордун баскан жаш мугалимдердин ак эмгеги текке кетпептир. Мисалы, кыргыз улуттук аспаптарынан түзүлгөн фольклордук ансамблди А.Беркиев жетектейт. Алар элдик күү “Саринжи Бөкөйдү” аткарышты. Кыскасы, пианисттердин квартети баш болгон, гитаристтердин бардык чыгармалары чырайына жетип турду.  Жектекчилери И.В.Коломейцова, А.М.Наумова ж.б.лардын балдар менен жетишкен ийгиликтери мактоого татыктуу.

Жарым кылымдык юбилейлик концерттеринин ар бирине токтолуп чыгууга мүмкүн эмес. Сыбызгыган скрипка, кубулжуган пианино, гитара, вокалдык ансамблдердин, булбулдай таңшыган күүлөрдү сыпаттоого тил жетпейт. Укканга келгенде тилмечтин зарылы жок. Дүйнө жүзүнө атак-даңкы тараган не бир чыгаан композиторлордун чыгармалары ар бирибиздин дилибизге таасаир берип турду. Баракелде, талантыңар ташкындай берсин!

Айчүрөк МАКЕШОВА