Шопендей тынбай иштеген композитор
Бир кездеги кыргыздын айтылуу “Алтын күз” кинотасмасында айтылгандай: “Жаратылыштын жазы, күзү бар. Бирок, бул жашоодо ар бир адам өзүнүн “Алтын күзүн” жаратууга милдеттүү. Бүгүнкү Кыргызстандын музыка дүйнөсүндө барандуу орунду ээлеген жаркын таланттарыбыздын бири, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Бүткүл союздук жана республикалык конкурстардын жеңүүчүсү, Эл аралык А.Малдыбаев атындагы сыйлыктын тунгуч ээси, профессор, композитор Сатылган Осмоновдун Кыргыз улуттук Т.Сатылганов атындагы филармониянын чоң залында өткөргөн чыгармачылык кечесине келишкен музыка дүйнөсүнүн көрүнүктүү ишмерлери, анын өзүнүн “алтын күзүн” эбак эле жаратып койгонуна күбө болушту. Кыргыз Эл жазуучусу Асан Жакшылыков “Алтын доорго арзуу” деген китебинде композитор Сатылган Осмоновго төмөндөгүдөй ыр саптарын арнаган.
Оорудан далай запкы жеп,
Ох, чиркин өмүр өттү деп,
Өкүнбөс, бекем, адамсың
Өзгөчө жансың эрки бек!
Мукамды талбай издеген
Шопендей тынбай иштеген,
Адамдан чыккан асылсың,
Таанышуу бакыт сиз менен!
Музыкаң тунук берметпи?
Бул заман, бизди сенделтти!
Бүткөн иштин өөнү жок,
Билгендер билет эмгекти.
Композитор опералык тарыхый, эпопеялык темаларга да көп кайрылат. Анын тушоосу “Кычан” операсы менен кесилип, “Сепил”, “Жусуп Баласагын”, “Урааным Манас, улутум кыргыз” одасында уланган пафостун, баатырдык, эпикалуулук анын стили экендигин аныктайт. А бирок, өлкөдөгү белгилүү музыка изилдөөчүлөр аны лирик композитор – деп аташат. Ал эми “Сепил” тарыхый чыгармасы – Кыргыз ССРнин 60 жылдыгына арналган. Бул операнын жаралышына Жолон Мамытов себепчи болгон. Анын “Сепил” аттуу драмасы бар эмеспи. Бир күнү Жолон ага Сатылган аганы мейманга чакырып, өзүнүн Төлөйкан айылындагы дөңгө чыгарып, “Тигинде жаачылар, найзачылар турат, бул ураган дубалдар ошол сепилден калган. Мына азан-казан болгон турмуш күүсү, күлбагын мыктылап тосуп, айланта чеп кылган хан”, – деп Жолон ага өтө элестүү кылып айтып берет. Сатылган ага бул боюнча поэма, кийин либретто жазат. “Сепил” либреттосу бүгүнкү күндө өнөрдүн өлбөс-өчпөс үлгүсүнө айланды десек аша чапкандык болбойт.
Кыргыз Эл жазуучусу Э.Турсуновдун либреттосу боюнча эбак жазып даярдаган “Жусуп Баласагын” операсы сүрөөнчүлөрдүн жоктугунан коюлбай келет. Композитор операм коюлбай калды деп чүнчүбөдү. Өткөн жылы дагы бир көлөмдүү чыгарманын – Кыргыз Эл Баатыры Б.Жакиевдин “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” пьесасына 4-5 айдын гана ичинде оперетта жазган. Сатылган Осмоновдун бул чыгармасы музыканын бул багытын сүйүүчүлөргө жакында тартууланып калгысы бардыр…
Бактыбек ИМАМАДИЕВ


Комментарий кошуу