ЗОМБУЛУКҮстүбүздөгү жылдын март айынан тартып Кыргызстанда “115” деген номер иштей баштайт. Зордук-зомбулукка кабылган өспүрүм же, ага күбө болгон адамдар бул номерди терип, жардам сурап кайрылышса болот.
Мындай кыска номерлүү жардам берүүчү кызматты түзүү аракети өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан эл аралык уюмдардын демилгеси жана Акыйкатчы институтунун колдоосу менен ишке ашты.
Белгилей кетсек, соңку убактарда айрыкча жашы жете элек өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун ар кандай түрлөрү колдонулуп келгендиги жана алардын курмандыктары болгон өспүрүмдөр жардам суроонун жол-жоболорун билишпегендиги айтылып келген. Мындан ары, жогорудагы кыска номери кылмышкерлерди кыска мөөнөттө таап, коомчулукка алып чыкканга шарт түзмөкчү.
Динар ТУРДУГУЛОВА