түрмө

Акыркы убактагы балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктан улам, коомчулук арасында кызуу талаш жүрүп, кылмыштын айрым бир оор түрлөрүнө өлүм жазасын киргизүү демилгеси кайрадан жанданып жаткан чак. Демилгечилер кол топтой баштады. Өлүм жазасынын кайра киргизилишине жол бербөө максатында жан алакетке түшүп жаткандар да жок эмес. Алардын башкы жүйөсү: Кыргызстан жазаны гумандаштыруу багытын тандап алган соң, ал жолдон тайбоого тийиш. 2005-жылдын соңунда өлүм жазасына мораторий жарыяланган. Ал эми 2007-жылдын июнь айында Кылмыш кодексиндеги өлүм жазасына байланыштуу беренелер өмүр бою камакта кармоо чарасы менен алмаштырылган. Ага улай, Башмыйзамга «ар бир адам ажырагыс жашоо укугуна ээ, эч кимдин өмүрү кыйылышы мүмкүн эмес» деген жобо киргизилген.

Жаза жоболорун гумандаштыруу, ырайымдуулук кылуу, кечиримдүү болуу шарт, аны тана албайбыз. Бирок, мындай чечим эл аралык уюмдардын кысымы, батышчыл айрым күчтөрдүн колдоосу астында кабыл алынганын эстен чыгарбашыбыз керек. Беш жылы катары менен беш ирет өлүм жазасына мораторий жарыяланды, 25 жыл аралыгында 19 жолу мунапыс кабыл алынды. Азыр Кыргызстандагы өмүр бою түрмөгө кесилгендердин саны үч жүзгө жакындап калды. Түрк боордоштор өлүм жазасынан таптакыр баш тарткан жок. Ал тургай, «демократия башаты» делгенАКШнын өзүндө дагы өлүм жазасынын үч түрү азыркыга чейин колдонулат. Ал эми айрым штаттардын мыйзамдарында кылмыштын андан башка түрлөрүнө да өлүм жазасы каралган.

Ырас, буга чейин кыргыз парламентинде бачабаздарга химиялык кастрация жасоо демилгеси көтөрүлгөн. КР башкы урологу, профессор Акылбек Усупбаев хирургиялык кастрацияны жыл сайын кайталап туруу зарыл болгондуктан, ар кылмышкерге жылына 6 миң доллардан ашуун каражат сарпталарын, андан көрө биротоло бычып салуу чарасын сунуштады. Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушев өлүм жазасын балдарга жасалган сексуалдык зомбулук, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү, мамлекеттик чыккынчылык сындуу өтө оор кылмыштарга колдонсо болот, – дейт. Депутат Айнуру Алтыбаева да өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү, балдарга зордук-зомбулук көрсөтүү менен оор кылмыш жасагандарга өлүм жазасын киргизүү тууралуу өтүнүчүн кабарлады. Ошондой эле, жер-жерлерде өлүм жазасын кайра колдонуу демилгечилери кол топтоп жатканы да белгилүү болду.

Жакында эле кылмыштуулук менен күрөшүү маселеси каралып жатканда, ички иштер министри Мелис Турганбаев айрым кылмыштын оор түрлөрүнө өлүм жазасын колдонуу демилгесин колдой турганын билдирди. Кыргызстанда өлүм жазасын колдонуу керекпи же кереги жокпу, ал элдин эркинде. Анткени, Башмыйзамга ылайык, бийликтин чыныгы ээси жана эгемендиктин бирден бир туткасы – эл.

Кемел БЕЛЕКОВ, ЖК пресс-кызматынын кызматкери